Лейлек: Тажик жоокерлери кыргыз чек арачысынын унаасына таш ыргытышты

Иллюстративдик сүрөт: Баткен облусу, кыргыз-тажик чек арасындагы жоокер. Сүрөт: Айбек Кулчуманов/Azattyk

УКМКнын чек ара кызматы 6-ноябрда кыргыз-тажик чек арасында Тажикстандын беш жоокери кыргыз чек арачысынын унаасына таш ыргытып, өзүн кармап кетүүгө аракет кылганын кабарлады.

Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, окуя Лейлек районунун Арка-Борбордук транзиттик жолундагы «Бостон» май куюучу жайынын маңдайында болгон. Анда чек арачы Honda Accord автоунаасы менен бурулуп жатканда, Тажикстандын жоокерлери унааны таш менен ургулашкан.

«Алар Кыргызтандын жоокерин кармап кетүүгө аракет кылышкан, бирок майнап чыккан жок. Аскер кызматкери жабыркаган эмес, бирок анын унаасынын терезелерин талкалашкан», — деп билдиришти УКМКдан.

Ошондой эле атайын кызматтан окуя боюнча териштирүү иштери жүргүзүлөрүн белгилешти. Ага ылайык, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу пландалып жатат.

Ушундай эле окуя үстүбүздөгү жылдын 22-августунда болгон. Анда Баткен — Исфана унаа жолунун Эки-Таш аймагында белгисиз бирөөлөр Ошту көздөй бараткан «Мерседес-Бенц» жана «Хонда Стрим» унааларына таш ыргытышкан.

Жүргүнчүлөрдүн арасында эч ким жабыркаган эмес. Бирок «Мерседес-Бенцтин» эшиги талкаланып, «Хонда Стримдин» терезеси сынган.

Тема боюнча:

Баткен. Тажикстандын жарандары кыргыз аткаминерлеринин унаасын таш бараңга алды