Баткен: Баткен — Исфана жолунда белгисиз кишилер эки унаага таш ыргытышты

Баткен — Исфана унаа жолу. Сүрөт: Kloop.kg

УКМКнын чек ара кызматы 22-августка караган түнү Баткен — Исфана унаа жолунун Эки-Таш аймагында белгисиз бирөөлөр Ошту көздөй бара жаткан эки унаага таш ыргытышканын маалымдады.

Ведомстводон билдиришкендей, жүргүнчүлөрдүн арасында жабыркагандар жок. Бирок «Мерседес-Бенцтин» эшиги талкаланып, «Хонда Стримдин» терезеси сынган.

«Аталган окуя боюнча Баткен облусунун укук коргоо органдарына кабар берилди», — деп жазылат Чек ара кызматы тараткан маалыматта.

УКМКдан билдиришкендей, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматы жана укук коргоо органдары жолугушуу өткөрүүнү пландап жатышат.

Үстүбүздөгү жылдын июль айынын аягында Баткен облусунун Таш-Тумшук айылында Тажикстандын тургуну өрттөлгөн үйлөрдү кароодон өткөрүп жаткан аймак жетекчилеринин унаасын таш бараңга алган. Окуя Тажикстандын Хожа-Аъло айылынын 15-20 чакты тургуну менен аймак жетекчилигинин пикир келишпестигинен улам орун болгон.

Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Сабиров Хожа-Аъло айылынын тургундары аны ур-токмокко алганын билдирген.

Андан кийин окуяны иликтөө үчүн эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын өкүлдөрү чек арада жолукканын облустук өкүлулүк кабарлаган.

Тажикстандын Исфара ИИБинин башчысы Тажикстандын жарандарынын мыйзамсыз аракеттери боюнча маселе каралып, келтирилген материалдык чыгымды төлөп берүүнү убада кылган. Ошондой эле таш ыргыткан Тажикстандын жарандарына карата мыйзам чегинде тийиштүү чара көрөөрүн белгилеген.

Тема боюнча:

Баткен. Тажикстандын жарандары кыргыз аткаминерлеринин унаасын таш бараңга алды

Инфографика. Тажикстандын аскерий агрессиясынан жабыркаган Баткендин тургундары