ССМ Бишкектеги балдар ооруканасындагы узун кезектин себебин түшүндүрдү

Эмне болду эле?

Окурмандар «Акипресс» басылмасына Бишкек шаардык балдар ооруканасындагы бейтаптардын узун кезеги түзүлгөнүн кабарлашкан. Алар түнкү саат 00:30га чейин кезек күткөндөрдүн аягы үзүлбөгөнүн белгилешкен.

Ошондой эле, Бишкектин борбордук бөлүгүндө жайгашкан Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун филиалы дагы ооруган жаш балдарга толуп, бош орун калган эмес.

Кийинчерээк Шаардык балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов ата-энелер сасык тумоо, пневмонияга кабылган балдарды дароо ооруканага алып барып жатканын айткан.

Бирок сыркоологон баланы алгач үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна көрсөтүү зарыл. Ооруканага же стационарга багыттама берилген учурда алып баруу керек.

«Биздин ооруканаларда орундар бар, 18 дарыгер нөөмөттө турат. Ата-энелер дем алыш күндөрү үй-бүлөөлүк дарыгерлер борбору иштебейт деп ойлошот, бирок бүгүн шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгында ушул маселе көтөрүлдү. Мындан ары эс алуу күндөрү үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору нөөмөт менен иштейт. Демек алгач поликлиникага барып, андан кийин багыттама алып стационарга келсе болот», — деди Маманов.

«Мезгилдик оорулар»

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы борбор калаадагы жаш балдар ооруканаларында бейтаптардын көптүгүн илдеттердин мезгилдүүлүгү менен байланыштуу экенин «Клооптун» журналистине билдирди.

«Ооруканалардагы кезектер адатта күзгү-кыш мезгилине туура келген сасык тумоого байланыштуу», — деп түшүндүрүштү басма сөз кызматтан.

Саламаттык сактоо министрлиги белгилегендей курч респиратордук вирустук оорулардын жайылышы вирустун төмөнкү температурага туруктуулугу жана суукка урунганда адамдын коргоочу күчү алсыз болушу менен шартталат.

Ведомство учурда саламаттык сактоо тармагына тиешелүү башка уюмдардын алдында кошумча койка-орундарды даярдоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.