«Клооп Медиа» коомдук фонду 8-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын үстүнөн Бишкектин административдик сотуна доо арыз менен кайрылды. Буга чейин БШК фондду 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүү укугунан ажыраткан.
БШК мындай чечимди 2021-жылдын 5-ноябрында эле кабыл алган, бирок «Клоопко» 8-ноябрда гана белгилүү болгон.
Боршайком Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү мыйзамга таянып чечим кабыл алганын айтып жатат. Анда уставында шайлоонун жүрүшүнө байкоо салуу тууралуу көрсөтүлгөн гана уюмдар байкоочу боло алат деп айтылган.
«Клооп Медиа» БШКнын мындай негиздемеси шайлоо жөнүндөгү мыйзамдарга каршы келет деп эсептейт.
Анткени, шайлоого байкоочуларды каттоо тартиби жөнүндөгү жободо «шайлоо мыйзамы жана шайлоолор, адам укуктарын коргоо багытында адистешкен коммерциялык эмес уюмдар өздөрүнүн уставында белгиленген тартипте шайлоого же референдумга байкоо жүргүзүү чечимин кабыл алат жана коомдук байкоочуларын жөнөтө алат» деп айтылган.
«Клооптун» юристи Фатима Якупбаеванын айтымында, аталган ченем үстүбүздөгү жылдын 5-сентябрында гана пайда болгон.
«[Шайлоо мыйзамы] “адистешкен” деген критерийди аныктабайт[…] Демек, Конституциялык мыйзам коомдук байкоочулардын уставдык ишмердүүлүгүнүн критерийлерин дагы аныктай албайт», — деп белгиленет доо арызда.
Мындан тышкары, доо арызда шайлоо жөнүндөгү конституциялык мыйзам добуш берүүгө коомдук байкоочуларды каттоо тартиби жөнүндө жобого караганда «жогорку юридикалык күчкө ээ» деп белгиленет.
Тема боюнча окуңуз: ЧУКУЛ КАБАР: БШК «Клоопко» парламенттик шайлоого байкоо салууга тыюу салды
«Клооптун» байкоочулары
2020-жылдын күз айларынан тарта «Клооп» төрт шайлоого жана эки референдумга байкоо жүргүздү. Апрелдеги шаардык кеңештин шайлоосунда биздин байкоочулар 800дөн ашык бузууну аныктап, юристтер шайлоо коммисияларына 192 арыз берген.
Жалпысынан, «Клооптун» апрелдеги байкоо кампаниясы өлкөдөгү эң ири деп айтса болот. Мисалы, Кыргызстан боюнча «Клооптун» атынан шайлоого 3 миң киши байкоо жүргүзгөн.
Апрель айында БШКга келип түшкөн даттануулардын үчтөн бирин «Клооп» берген. Анда Боршайком 500дөн ашык арызды каттаган — ошондой эле коомдук уюмдардан, саясий партиялардан, депутаттыкка талапкерлерден жана жарандардан арыздар келип түшкөн.
Апрелдеги шайлоолордон кийин «Клооптун» дата-бөлүмү жергиликтүү кеңештерде жана Конституцияны өзгөртүү боюнча өткөн референдумдагы бардык участкаларда катталган бузууларга анализ жүргүзүп, андагы орчундуу көйгөйлөр тууралуу материалдардын топтомун жарыялаган.
Мисалы, журналисттер БШК үгүт учурундагы мыйзам бузууларга көп учурда тандалма мамиле кыларын аныкташкан — айрым майда бузууларга чара көрүп, олуттуу мыйзам бузууларды көз жаздымда калтырат.
Мындан сырткары, «Клооптун» дата-бөлүмү, кээ бир участкалык коммисиялар шайлоо аяктагандан кийин протоколдорду кайрадан жазып чыкканын аныкташкан.