Көмүр ташуудагы коррупция. «Кыргызкөмүрдүн» жана транспорт министрлигинин кызматкерлери кармалды

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын басма сөз кызматы кабарлагандай, 2-мартта «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын «Кара-Кече» филиалынын эки кызматкери жана Транспорт жана жол министрлигине караштуу «Турускул» салмак көлөмдүк көзөмөл пунктунун эки инспектору кармалды.

Атайын кызматтар «Кара-Кеченин» кызматкерлери көмүрдү «тоскоолдуксуз» жүктөө үчүн ар бир айдоочудан бир миң сомдон алгандарын аныктап чыгышты. Алардын маалыматы боюнча соңку эки жылытуу мезгилинде Бишкек ЖЭБине жиберилген көмүрдү эске алганда, 37,5 миң жүк ташуучу унаага көмүр жүктөлгөн.

«Жыйынтыгында, “Кыргызкөмүрдүн” кызматкерлери эки жылытуу мезгилинде негизсиз алган каражаттардын суммасы 37 млн сомдон ашат», — деп билдиришти Антикоррупциялык кызматтан.

Алардын айтымында, «Турускул» салмак-габариттик көзөмөлдөөчү жайдын инспекторлору да буга окшош коррупциялык схеманы түзүп алышкан. Атайын кызмат кармалгандар ташылып жаткан көмүрдүн уруксат берилген салмактан көп болгонун көз жаздымда калтыруу үчүн ар бир айдоочудан 500 сомдон алганын аныкташты.

Кармалган төрт кызматкер тең Нарын ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Антикоррупциялык кызматтан кошумчалашкандай, алар мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана аталган мыйзам бузуулгарга тиешеси бар болгон башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чараларын улантууда.

Транспорт министрлигиндеги коррупция

Финпол 2020-жылдын май айында Бишкек — Ош жолундагы «Сосновка» жана «Кара-Көл» өткөрмө пункттарында коррупциялык схемалар аныкталганын маалымдаган. Бул иш боюнча Бишкек — Ош жолунун мамлекеттик дирекциясынын үч кызматкери кармалып, ал эми мамлекетке келтирилген зыян ондогон миллион сомго бааланган.

*Бишкек — Ош жолундагы мамлекеттик дирекция Кыргызстандын Транспорт жана жол министрлигинин бөлүмү болуп саналат.

Андан соң июнь айында аталган иш боюнча Транспорт жана жол министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн дагы 12 жооптуу кызматкери коррупцияга шектелип кармалган. Анда коррупциялык схемадан келтирилген зыяндын суммасы 20 млн сомдон ашып кетиши мүмкүндүгү кабарланган.

Бул кармоолордон кийин финпол коррупциялык схемага аталган министрликтин жана башка ведомстволордун жогорку кызматтагы адамдарынын тиешеси бар-жогун текшере баштаган.

Ошондой эле, 2021-жылдын январь айында финпол Транспорт министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиевди коррупцияга шектеп кармаган. Ведомствонун маалыматына ылайык, тергөө учурунда коррупциялык схемага тиешеси бар 30га чукул кызматкер кармалган.

2021-жылдын февраль айынын башында транспорт министрлигинин кызматкерлеринин үстүнөн ачылган 28 сотко чейинки өндүрүш сотко өткөрүлгөн. Ошондо «Коррупциялык иш-аракеттен улам бюджетке 20 млн сомдон ашуун зыян келтирилген. Бул каражат финполдун күчү менен дээрлик толугу менен ордуна келтирилген. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында “Коррупция” беренеси менен минтранстын кызмат адамдары кылмыш жоопкерчилигине тартылды», — деп билдиришти финполдон.