Артём Новиков кара түтүнгө каршы күрөшүүнүн жолдорун сунуштады

Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчиси Артём Новиков 10-ноябрда орусиялык компаниялардын Эл аралык ишкерлер миссиясынын форумунда фонд «жашыл облигацияларга» инвестиция кылууну пландап жатканын билдирди.

Анын айтымында, облигациядан түшкөн каражатты электр энергиясынын жаңыланма булактары менен экологияны жакшыртуу боюнча долбоорлоруна жумшаса болот.

«Учурда фонд экология тармагында эки долбоордун үстүндө иштеп жатат. Анын бири геотермалдык жылуулукту өнүктүрүүнү, калаадагы жаңы конуштардын акырындык менен ушундай жылытууга өтүүсүн шарттайт», — деди Новиков.

Новиков бул ыкма шаардыктарды үйлөрүн көмүр жагып жылытуу муктаждыгынан ажыратып, калаада смог маселесин чечүүгө өбөлгө болорун айтты.«Мындай жылытуунун баасы көмүр алууга кеткен чыгымдан жогору болбойт», — деп белгиледи фонддун башчысы.

Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун башчысынын айтымында, экинчи долбоор өлкө боюнча машиналарды бензиндин ордуна газга өткөрүүнү шарттайт. Новиков бул долбоор автоунаа ээлеринин чыгымдарын азайтып, экологияны жакшыртат деп кошумчалады.

Геотермалдык жылытуу деген эмне?

Геотермалдык жылытуу — бул жеке турак үйлөрдү жылытуунун альтернативдик жана экологиялык жактан таза ыкмасы. Бул ыкма кондиционердин же муздаткычтын иштөө принцибине окшош.

Мындай жылытуунун негизги элементи — эки контурда жайгашкан жылуулук насосу.

Контурдун бири ички деп эсептелет, ал түтүктөрдөн жана радиатордон турган кадимки эле жылуулук системасындай көрүнөт. Экинчиси, тышкы — бул жер алдына коюлган жылуулук алмаштыргыч. Ага атайын суюктук же кадикми эле суу куюлат.

Новиков буга чейин кандай сунушту айткан?

Артём Новиков буга чейин да, өкмөттө иштер турган убагында, Бишкектин экологиясын жакшыртуу боюнча сунуштарды айткан. Алардын бири — шаардык ЖЭБин көмүр жана мазуттун ордуна газга өткөрүү.

2021-жылдын январында вице-премьерлик кызматты аркалап турганда, ал экологияны жакшыртууга ЖЭБти газга өткөрүү гана эмес, шаардын жалпы жеке секторун газдаштыруу жардам берет деп айткан.