Минкаб кыздар жана аялдарды зомбулуктан коргоого 25 млн сом бөлөт

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талкуулаган тегерек столдо өкмөт 2022-жылы аялдардын кризисттик борборлорун финансылык камсыздоонун өлчөмүн көбөйтө турганын айтты.

Анын айтымында, аялдарды жана кыздарды зомбулуктан коргоо программасын каржылоо жалпы 25 млн сомго чейин көтөрүлөт. Буга чейин ал 7 млн сомду түзгөн.

«5 млн сомду үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйү тууралуу маалымат алууну жогорулатуу боюнча коомдук уюмдарга бөлүп беребиз. 20 млн сом — кризистик борборлорду колдоого жумшалат», — деди Байсалов.

Ал жакынкы жылдары ушундай эле каржылык колдоо күтүлүп жатат деп кошумчалады.

Тегерек столдо Байсалов Кыргызстанда үй-бүлөдөгү зомбулук фактылары өсүп жатканын айтты. Ал 2021-жылдын 7 айында ички иштер органдары 7 316 убактылуу коргоо ордерин бергенин айтып өттү. Бул 2020-жылдын ошол эле мезгилине салыштырмалуу 1 179га көп.

Ошондой эле, 2020-жылы өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 9 миң 25 учур катталган. Анын ичинен 947 гана окуя сотко жеткен. Ал эми 2021-жылдын башынан бери эле үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 7 миң 665 факты катталган.

Үй-бүлөлүк зомбулук маселеси жана фемицид

Кыргызстанда үй-бүлөдө аялдарга карата зомбулук көп жылдан бери актуалдуу болуп келе жаткан көйгөй. Бул жөнүндө эл аралык уюмдардын маалыматтары дагы айтып турат.

Буга мисал катары, 2021-жылдын октябрында Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте (WPS Index) 97-орунду ээлеген. Аталган индексте 170 өлкөдөгү аялдардын абалы камтылган.

Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен акыркы орунда калган. Аялдар үчүн эң кооптуу өлкөлөр Ооганстан, Сирия, Йемен, Пакистан жана Ирак экени айтылды.

«WPS индексинин тенденциясы аялдардын макамынын глобалдык жогорулашы басаңдап кеткенин, өлкөлөр арасындагы теңсиздик күчөгөнүн көрсөттү», —деп айтылат WPS Index’тин отчётунда.

Кыргызстанда эркектер аялдарды уурдашат, зордукташат, өлтүрүшөт жана көп учурда жазасыз калышат. Кыргызстанда ар күнү аялдардын жана кыздардын мажбурлап турмуш куруу максатында уурдалышы тууралуу белгилүү болот.

Кыргызстанда ала качуу боюнча резонанс жараткан окуялардын бири 27 жаштагы Айзада Канатбек кызынын жана 19 жаштагы Бурулай Турдалы кызынын уурдалышы болгон.

Акыркы мыйзамга ылайык кыздарды мажбурлап никеге тургузуу үчүн ала качкандар 5 жылдан 7 жыл 6 айга чейин эркинен ажыратылат. Жашы жете электерди ала качкандар 7,5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат.

2021-жылдын июнь айында «Клооп» Кыргызстандагы фемицид — аялдардын өлтүрүлүшү тууралуу ири изилдөөнү жарыялаган. Изилдөөнүн уникалдуулугу буга чейин эч ким, эч качан Кыргызстанда аялдарды өлтүрүүгө эмнелер негиз болоорун жана алардын мыйзам ченемдигин изилдебегенинде.

Ар кандай булактардан чогултулган маалыматтарды колдонуу менен дата-журналисттер аялдарды өлтүрүү — үй-бүлөдөгү дайыма кайталанган зомбулуктун негизги кесепети экенин далилдешкен. Долбоор «фемицид» терминин өлкөнүн эле эмес, Борбордук Азиянын медиаталаасына киргизген.

«Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү