Боршайком Бишкектин Административдик сотунун чечимин аткарып, «Ынтымак» партиясынан ат салышкан Талант Мамытовду талапкер катары каттоого аргасыз болду. Бул тууралуу 11-ноябрда «Биринчи радионун» эфиринде БШКнын мүчөсү Тынчтык Шайназаров билдирди.
Анын айтымында, БШК мүчөлөрүнүн Мамытов боюнча позициялары бирдей — ал үгүт кампаниясы учурунда спикерлик кызматты аркалабашы керек.
Шайназаров президенттин жарлыгы менен мамкызматкерлердин реестри бекитилгенин, анда парламенттин спикери — мамлекеттик саясий кызматкер экени так жазылганын белгиледи.
БШК мүчөсү шайлоо жөнүндөгү конституциялык мыйзамдын талабына ылайык, жогорудагыдай кызматты аркалаган адамдар ээлеген ордун бошотуп, шайлоого башка талапкерлер сыяктуу эле бирдей шартта катышуусу керек деп билдирди.
«БШК 24-октябрда ушуну эске алып, бир добушчан чечим чыгарып, Талант Мамытовду каттоодон баш тарткан», — деди БШКнын мүчөсү.
Бирок андан кийин «Ынтымак» партиясы БШК бул чечимди «процессуалдык талаптарды сактабастан» кабыл алган деп билдирген. Билдирүүдө Мамытов шайлоого талапкер катары бараткандыктан, ыйгарым укуктарын вице-спикер Аида Касымалиевага тапшырганы айтылган. Партиядагылар бул боюнча БШКга «комиссиянын жыйыны өткөнгө чейин эле» билдирме тапшырылган деп айтышкан. Партия Административдик сотко кайрылып, сот өз кезегинде Мамытовду талапкер катары каттоого алуудан баш тартуу жана «Ынтымак» партиясынын тизмесинен чыгаруу боюнча чечимин жокко чыгарган.
Андан соң БШК Жогорку сотко эки жолу кассациялык арыз менен кайрылып, бирок экөөндө тең арыз каралган эмес. Биринчисинде Жогорку сот Боршайкомдун арызы «административдик-процессуалдык кодекстин талаптарына ылайык келбегени» үчүн артка кайтарылганын билдирген. Бул 2-ноябрда болгон. Ошол эле күнү БШК Жогорку сотко экинчи жолу арыз тапшырган.
Бирок, сот арызды кайрадан БШКга кайтарып берген — бул ирет арыз тапшыруу мөөнөтү өтүп кеткени себеп болгон.Шайназаров Жогорку сот арызды эки жолу артка кайтарганын «туура эмес», ал эми соттун негиздемесин — «уят» деп эсептейт. Анын айтымында, БШК бардык документти тапшырган болчу.
«Оңдогула дешти, макул дедик, аңгыча дем алыш күндөрү келип алар иштешкен жок. Дүйшөмбүдө алып барып бердик, кабыл алып туруп анан кайра жыйын 2-ноябрда болот дешти. Иштин мазмуну каралышы керек эле да — же биздин чечимди колдосун же соттун чечими күчүндө калсын. 2-ноябрда өкүлүбүз Жогорку сотко барса ал жерден “Кечээ караганбыз, кечиктиңер, мөөнөтүн буздуңар” дешиптир, ошентип жөнсүз себеп менен [арызды] кароосуз калтырышты», — деп айтып берди Шайназаров.
Анын айтымында, бул окуядан кийин БШК жыйын өткөрүп, сот чечимин аткарып, Мамытовду депутаттыкка талапкер катары каттоого аргасыз болгон.«[Мамытовдун] кеңешчиси келип, документтерди тапшырып кетти, ал жерде Мамытов мамлекеттик күзөт кызматынан баш тартты, кызматтык унааны гаражга токтотуп берди, ал шайлоого башка талапкерлер менен бирдей шартта барат деп айтылат», — деди Шайназаров.
Парламенттик шайлоо
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген. Жаңы мыйзамга ылайык, парламенттин жаңы чакырылышына 90 депутат келет. Эл өкүлдөрү 5 жылдык мөөнөткө шайланат.
Парламенттик шайлоо аралаш система менен өтөт. 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округдан өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлерден шайланат.
Парламенттик шайлоого 21 партия катышат.
Тема боюнча: Үгүттүн биринчи аптасында «Ишеним» 19,5 млн сом коротту. Калгандарычы?