БШК Талант Мамытов менен Жогорку сотто соттошо алган жок. Арыз кайрадан кайтарылды

Жогорку сот БШКнын «Ынтымак» партиясынан талапкер Талант Мамытовдун иши боюнча берген арызын экинчи ирет артка кайтарды. Бул тууралуу 4-ноябрда «Клоопко» Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Талант Мамытов.

Жогорку соттон кошумчалашкандай, мындай чечим чыгарууга арыз берүү мөөнөтү өтүп кеткени себеп болгон. Мыйзам боюнча соттун күчүнө кирген чечиминин үстүнөн үч календардык күндүн ичинде кассациялык тартипте даттанууга болот.

«Бишкектин Административдик сотунун 2021-жылдын 28-октябрында чыгарган чечимине карата кассациялык арыз 2021-жылдын 2-ноябрында берилген. Тактап айтканда, сот актысын даттанууга каралган үч күндүк мөөнөт өтүп кеткенден кийин берилген. Буга байланыштуу арыз өндүрүшкө алынбайт жана ал артка кайтарылат», — деп айтылат соттун билдирүүсүндө.

Боршайком азырынча Жогорку соттун чечими боюнча үн ката элек.

Эмне болгон?

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовду парламенттик шайлоого талапкер катары каттоодон 24-октябрда баш тарткан.

Ал «Ынтымак» партиясынан көрсөтүлүп жатат. БШК каттоодон баш тартууга анын парламенттеги спикерлик кызматын тапшырбаганы себеп болгонун билдирген. Мыйзамга ылайык, шайлоого аттанган мамкызматкер үгүт маалында кызматын тапшырышы керек болчу.

Ал арада «Ынтымак» партиясы Боршайком мындай чечимди «процессуалдык ченемдерди одоно бузуу менен» кабыл алганын билдирген. Партиядан маалымдашкандай Мамытов депутаттыкка талапкерлигин койгонуна байланыштуу спикерлик ыйгарым укуктарын вице-спикер Аида Касымалиевага өткөрүп берген. Партиядан ыйгарым укугу вице-спикерге өткөнү тууралуу кат жүзүндөгү билдирме БШКга «өз убагында, жыйынга чейин» келип түшкөн деп ишендирүүдө.

Ошондой эле «Ынтымактан» «учурдагы мыйзам Жогорку Кеңештин төрагасына кызматтык ыйгарым укуктарын токтотпойт туруп шайлоого катышууга мүмкүндүк берерин, себеби, спикер БШКнын төрагасы комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен шайланган сыяктуу эле, депутаттардын арасынан шайланат деп белгилешкен».

Партиянын позициясын Бишкектин Административдик соту да колдоого алган. Ал жактан 28-октябрда БШКнын Мамытовду каттабоо тууралуу чечимин мыйзамсыз деп таап, аны жокко чыгарган.

1-ноябрда БШК биринчи инстанциядагы соттун чечимин даттаныш үчүн Жогорку сотко кайрылган. 2-ноябрда Боршайкомдун арызы артка кайтарылган, буга арыз «Административдик-процессуалдык кодекстин талаптарына ылайык келбегени» себеп болгон. Ошол эле күнү комиссия кайрадан арыз тапшырган болчу.

Парламенттик шайлоо

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген. Жаңы мыйзамга ылайык, парламенттин жаңы чакырылышына 90 депутат келет. Эл өкүлдөрү 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Парламенттик шайлоо аралаш система менен өтөт. 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округдан өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлерден шайланат.Парламенттик шайлоого 21 партия катышат.

Тема боюнча окуңуз: 

Шайлоо-2021: «Ынтымак» партиясынын 20 талапкери белгилүү болду

БШКнын Талант Мамытов боюнча чечими жокко чыкты

БШК Талант Мамытовдун иши боюнча Жогорку сотко даттанды