Үгүттүн биринчи аптасында «Ишеним» 19,5 млн сом коротту. Калгандарычы?

БШК партиялардын бир жумада үгүт иштерине короткон чыгымдары тууралуу алгачы маалыматтарын берди. Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын шайлоосуна жалпы 21 партия катышып жатат.

БШКнын маалыматы боюнча, үгүт кампаниясынын биринчи аптасында партиялардын шайлоо фонддоруна 3-ноябрга карата 120 180 392 сом түшкөн. Ал эми «шайлоо кампаниясын өткөрүүгө байланыштуу чыгымдарды жабууга» партиялар 102 478 016 сом сарпташкан.

Кимиси эң көп каражат сарптады?

БШКнын маалыматы боюнча, эң көп суммадагы акча үч партиянын эсебине келип түшкөн (учурда алар дээрлик баарын түгөтүшкөн): «Ата-Журт Кыргызстан», «Ишеним» жана «Альянс».

«Эл үмүтү» жана «Ынтымак» партиялары шайлоо фондуна келип түшкөн жана сарпталган каражаттар боюнча жогорудагы партиялардан бир аз эле артта калган.

Мыйзамга ылайык, саясий партиялар үгүт иштерине эң эле көп дегенде 300 млн сом алып жана жумшай алат. Шайлоо фонддоруна төмөнкүлөр каражат которо болот:

  • талапкер жеке каражатын — 1,5 млн сомдон жогору эмес;
  • саясий партия жеке каражатын— 100 млн сомдон жогору эмес;
  • физикалык жактардын кошумчалары — ар бир киши 200 миң сомдон көп эмес;
  • юридикалык жактардын ыктыярдуу салымдары — 3 млн сомдон жогору эмес.

Шайлоо-2021

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы 90 депутаттан турат. Анын 18 орунун гана айымдар ээлейт. Депутаттар 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Парламенттик шайлоо аралаш шайлоо системасы аркылуу өтөт. 54 депутат бирдиктүү шайлоо округунан, пропорционалдуу шайлоо системасы аркылуу шайланышса, ал эми 36 элдик депутат мажоритардык система аркылуу бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайланат.

Өлкө боюнча партиялардын жана бир мандаттуу округдардан жалпы — 1300дөн ашык талапкер ат сатышууда. Шайлоого 21 саясий партия катышып жатат.

Тема боюнча окуңуз:

Шайлоо-2021: «Ынтымак» партиясынын 20 талапкери белгилүү болду

Эски жүздөр vs коррупцияга каршы күрөшкөндөр. Парламенттик шайлоодо кимди шайлайбыз?

Шайлоо-2021: «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын алдын ала тизмеси жарыяланды