ГЭС курган инвесторлорго жерлерди кайтарымсыз берүү сунушу айтылды

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» мыйзам долбооруна түзөтүүлөрдү коомдук талкууга чыгарды. Мыйзам долбоору министрлер кабинетинин сайтына жарыяланды.

Токтогул ГЭСи.

Кандай өзгөртүүлөр сунушталууда?

Учурдагы мыйзамга ылайык, эгерде айыл же токой чарба багытындагы жер башка категорияга которулса, чыгаша суммасын жана түшпөгөн кирешенин ордун инвесторлор төлөйт.

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги Кыргызстанда ГЭС куруп жаткан айыл-чарба жана токой чарба өндүрүшүндөгү атамекендик инвесторлорду бул төлөмдөрдөн бошотууну сунуштап жатат.

«Атамекендик инвестор» деп бул учурда Кыргызстанда резидент статусуна ээ чет элдик компаниялар да эсептелет.

Маалымкат-негиздемеде ири ГЭСтерди курууга көп өлчөмдөгү каражат керектелери, ал эми мындай долбоорлор өзүн узак убакытта актай турганы белгиленет.«Мындан улам жер тилкелерин атамекендик инвесторлорго мөөнөтсүз пайдаланууга берүү максатка ылайык болот», — деп билдиришти айыл чарба министрлигинен. Ведомстводон белгилешкендей, акыркы жылдары өлкөдө электр энергиясынын тартыштыгы байкалууда, андыктан инвесторлорго жеңилдиктер керек.

Кыргызстандын энергетикалык тармагы соңку жылы эң эле масштабдуу энергетикалык кризиске учурады. Токтогул суу сактагычында суу тартыш. Бийлик электр энергиясын коңшу мамлекеттерден сатып алып жатат.

Мындан сырткары, өлкөдө электр энергиясын пайдаланууга бир катар чектөөлр киргизилген. Улуттук энергохолдинг элди электр энергиясын үнөмдөп, үйлөрдү жылытуу үчүн газ жана көмүр колдонууга чакырган.

2021-жылдын июнь айынан тарта кыргызстандыктар «Түндүкэлектр» жана «Чыгышэлектр» ишканаларынан электр энергиясын жылытууга жана «башка термикалык процесстерге» пайдаланууга тыюу салынганы жөнүндөгү билдирүүлөрдү ала башташкан.

Күзүндө бийлик электр энергиясын үнөмдөө максатында көчөнүн жарыктарын күйгүзүүгө тыюу салган.

Тема боюнча:

Президент: Бекмурзаевди «куурдак» кылып жесеңер дагы энергосистема кризистен чыкпайт