Бишкек: 3000 сомдон көмүр сатылып жаткан базада 600дөн ашык адам кезекте турат

3000 сомдон көмүр сатылылып жаткан Бишкектеги Мурманск көчөсүндө чоң кезек жаралды. «Клооптун» кабарчысы адамдар кезек күтүп турганына бир нече саат болгонун билдирди.

Көмүр алганы келгендердин кезеги. Сүрөт: Ислам Розиев / Kloop.kg

Көмүр кезекке жазылуу менен берилип жатат — кезекке жазылгандардын саны 600 адамдан ашат.

Көмүр алууга жазылуу мына ушундайча болуп жатат. Сүрөт: Ислам Розиев / Kloop.kg

Мындай абал «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы Бишкектин Мурманск көчөсү, 1,б/1 дарегинде арзан баада көмүр сатылып жатканын кабарлагандан кийин түзүлдү.

Мамишкананын маалыматы боюнча, көмүрдүн бир тоннасы 3 миң сомдон сатылып жатат. Бирок атайын чектөөгө ылайык, бир үй-бүлөгө эки тоннадан ашык сатылбайт.

«Кыргызкөмүр» мындай чектөө алып сатарлардын кызыл кулактыгын алдын алуу үчүн көрүлгөн чара экенин белгилеп, бирок «жакынкы күндөрү» чектөө жоюлушу пландалууда деп түшүндүрмө беришти.

«Учурда борбор калаага көмүр жүктөгөн 16 унаа келе жатат, ар биринде 25-30 тоннадан көмүр бар», — деп билдиришти мамишканадан.

Көмүрдүн баасы президент Садыр Жапаров ЖЭБ-2нин айланасында пайда болгон жаңы конуштун тургундары менен жолуккандан кийин арзандады. Анда өлкө башчысы борбордо көмүрдүн баасы «арзандайт» деп убада берген.

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча, ноябрь айында Бишкек жана Ошто бир тонна көмүрдүн баасы 2 500 сомдон 8 500 сомго чейин болгон (көмүрдүн түрүнө жана казылган жерине карата). Антимонополиядан «Кыргызкөмүр» көмүрдү жеткиликтүү көлөмдө алып келбегендиктен баалар туруксуз болуп жатканын билдиришкен.