«Мыйзамдуулукту булбулдай сайрайт, бирок аны өзү бузат». Президент Бекешев тууралуу

Президент Садыр Жапаров 16-ноябрда Антикоррупциялык ишкердик кеңештин биринчи жыйынына катышты. Жыйында ал шайлоо өнөктүгү учурунда мыйзам бузуп жаткан талапкерлер тууралуу оюн айтты.

«Мен аттарын айтсам туура эмес болуп калат. Бир талапкер жаш балдарды [үгүт ишине] колдонуп, мектептин жашы жете элек балдарын колдонуп, анан суракка барды. Ошол талапкер мыйзамдуулукту, анан коррупциянын жок болушун тимеле булбулдай сайрат. Бирок өзү ошого [мыйзам бузууга] барып жатат. Эгерде өзүң бирөөнү сындаганды билсең, анда өзүң сынга алынбаганга аракет кыл да», — деди Жапаров.

Жапаров жашы жете эле балдарды үгүт ишине колдонгону үчүн суракка чакырылган талапкер деп Дастан Бекешевди сөз кылган.

Анткени депутат 15-ноябрда УКМКга 4 саат сурак берип чыккан. Сурактан чыккандан кийин Бекешев өзүнүн үгүт компаниясына жашы жете элек өспүрүмдөр тартылган делген маалымат үчүн суралганын айткан.

Дастан Бекешев сурактан кийин УКМКнын Бишкектеги башкармалыгынын имаратынын жанында. Трансляциядан скриншот

Бекешев суракты «административдик ресурс колдонуу» деп атап, анын үгүт кампаниясына жашы жете элек балдар иштегенин четке каккан.

«Президент киришип, муну токтоткула деп айтса болот эле. Мен президентке душман эмесмин, жанында аны мактап жүргөндөр душмандары болушу мүмкүн. Эртеңден баштап [16-ноябрдан тартып] үгүтүмдү улантам, эгерде үгүт ишинен четтетишсе, башкача аракет көрөбүз», — деп билдирген ал сурактан чыккандан кийин өзүнүн Телеграм-каналында.

Бекешевдин ою боюнча, УКМКга чакыруунун артында анын шайлоо округдагы оппоненти — мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев же президенттин коомдук башталгычтагы кеңешчиси Руслан Кыдырмышев турушу мүмкүн.

Мелис Турганбаев жана Руслан Кыдырмышев.

Үчөө тең — Бишкектин Октябрь районундагы бир мандаттуу округдан талапкер. Алар 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген парламенттик шайлоого катышып жатышат.

Тема боюнча: УКМК & Бекешев. Депутаттыка талапкер аны шайлоодон четтетүүнү көздөп жатышканын айтты

Бийликти сындоочу

Дастан Бекешев — парламентттин акыркы эки чакырылышынын депутаты. Ал отурумдарда курч суроолорду берген оппозициялык эл өкүлү катары белгилүү. Ошондой эле, ал учурдагы бийликке көп сын пикир айтат.

Мисалы, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев коррупцияга аралашканын мойнуна алган бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов менен бир тойдо болгонун жалгыз Бекешев сынга алган.

Бекешев азыркы бийликтин мыйзамдарга киргизген өзгөртүүлөрүнүн баарын сындап келет.

Ал парламенттик отурумдардын биринде президент Садыр Жапаров өзү активдүү сүрөмөлөгөн Конституциянын долбооруна каршы пикирин билдирген. Отурум аяктагандан кийин «Азаттыктын» Бекешев тууралуу жаңылыгынын алдына Жапаровго тиешелүү расмий Фейсбук барагынан комментарий калтырылган. Анда «Көз эле эмес, көөдөнү кошо сокур экен бул акмактын» деп жазылган. Дастан Бекешевдин көзү 6 жашында көрбөй калган.

Жапаровдун барагынан жазылган комментарийдин скриншоту.

Ошондо президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек «Садыр Жапаровдун жеке барагы белгисиз бирөөлөр тарабынан бузулганын», жана өлкө башчысынын акыркы комментарийге эч кандай тиешеси жок экенин айткан. Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамкомитет президенттин жеке барагынын «чет өлкөдөн» чабуулга учуроо фактысы боюнча текшерүүлөрдү баштаган, бирок жыйынтыгын маалымдаган эмес.

Кийинчерээк Садыр Жапаров басма сөз жыйынында анын Фейсбук барагына өзү жана жардамчылары кире ала турганын айткан.

Тема боюнча окуңуз:

УКМК & Бекешев. Депутаттыка талапкер аны шайлоодон четтетүүнү көздөп жатышканын айтты

«Балалап кетишине жол бербейли!» Бийлик каршы ой айткандарды кантип талатууда?