Нуруйпа Муканова: Коррупция боюнча соттолгондорду мамкызматка алууга тыюу салуу керек

Антикоррупциялык ишкердик кеңештин башчысы Нуруйпа Муканова «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренелери боюнча соттолгон чиновниктерди мамлекеттик кызматка дайындоого тыюу салууну сунуштады. Мындай сунушту ал кеңештин 16-ноябрда өткөн алгачкы жыйынында берди.

«Бул беренелер боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылгандар үчүн, ал адам соттуулугун жойсо дагы, кылмыш жоопкерчилигинен бошотулса, келтирилген зыяндын суммасын мамлекеттик эсебине төксө, тергөө менен кызматташууга барса дагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кайра кирүүгө тыюу салуу керек»,— деп билдирди Нуруйпа Муканова өзүнүн баяндамасында.

Аны менен катар, ишкердик кеңештин башчысы өлкөнүн 30 жылдык эгемен тарыхында коррупцияга каршы күрөшүүнүн көптөгөн стратегиялары жана пландары кабыл алынганына карабастан, коррупция азайбаганын билдирди.

«Биздин коомдо коррупция өзүн өзү жаратып, өзүн багуучу системага айланды. Чиновниктердин коррупцияга жакын болгонунун бирден бир себеби — коррупция коррупция катары бааланбай, жазасы жумшак болуп, кирешеси абдан чоң болгонунда», — дейт ал.

Ошондуктан коррупцияга каршы саясаттын натыйжалуу стратегиясы жана аны ишке ашыруунун бирдиктүү планы керек деп эсептейт ал.

Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин алгачкы отуруму «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өттү. Иш-чарага өлкө башчысы Садыр Жапаров, башкы прокурор Курманкул Зулушев, финансы министри Алмаз Бакетаев, кеңештин мүчөлөрү, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик органдардагы ыйгарым өкүлдөр катышты.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча антикоррупциялык ишкердик кеңештин мүчөлөрү резолюция кабыл алышты. Ага ылайык Кыргызстандын 2021-2024-жылга чейинки коррупцияга каршы стратегиясын иштеп чыгуу боюнча жумушчу тобу түзүлөт.

Антикоррупциялык ишкердик кеңеш

Антикоррупциялык ишкердик кеңеш июнь айынын этегинде Садыр Жапаров бизнес-коомчулук менен жолуккандан кийин түзүлгөн. Тиешелүү жарлыкка президент 2021-жылдын июль айынын башында кол койгон.

Антикоррупциялык ишкердик кеңеш «коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча мамлекеттик бийлик органдары менен жарандык коомдун ортосундагы натыйжалуу диалогду камсыз кылуу» үчүн кызмат кылары айтылган.

Жаңы түзүлгөн мамлекеттик орган «коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын өркүндөтүү», «бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү», «инвестициялык климатты жана ишкердик субъектилеринин ишин коргоо жана колдоо механизмдерин жакшыртуунун» үстүндө иш алып барат.

Нуруйпа Муканова деген ким?

Нуруйпа Муканова президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин башкы катчысы болуп 12-июлда дайындалган.

Муканова экономиканын ар башка секторлорунда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча адис болуп иштегенине 10 жылдан ашты.

Муканова референдумдун алдында президенттик башкарууну колдогон үгүттөө тобунун жетекчиси болуп иштеген. Ошол кезде сунушталган жаңы Баш мыйзамдын демилгечилеринин бири президент Садыр Жапаров болуп саналат.

Тема боюнча: Садыр Жапаров: Коррупция менен күрөшүү — ар бир кыргызстандыктын милдети