Садыр Жапаров: Коррупция менен күрөшүү — ар бир кыргызстандыктын милдети

Президент Садыр Жапаров 16-ноябрда Антикоррупциялык ишкердик кеңештин биринчи отурумунда сөз сүйлөдү. Анда президент коррупционерлер менен бир гана укук коргоо органдары эмес, башка мамлекеттик органдар, керек болсо ар бир кыргызстандык күрөшүшү керек деп билдирди.

Жапаров мамлекеттеги коррупцияны бийликке баары жардам бергенде гана жеңсе болорун белгиледи.

«Коррупцияга каршы күрөшүү Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук кызматы, прокурорлордун жана күч органдарынын эле милдети эмес, ушул жерде отурган ар бир Кыргызстандын жаранынын милдети. Айылда кетмен чапкан карапайым калктын дагы милдети. Баарыңар жардам бергенде гана коррупцияны жеңе алабыз. Кыргызда жакшы сөз бар, сөөккө чейин жеткирип маанисин түшүндүрүп коет: “Балык башынан сасыйт” деп. Бул сөз президент өзү коррупционер болсо, ылдый жагы дагы сасыйт деген сөз да. Ошондуктан мен таза болуп берейин, калганы, силер, карапайым калк дагы таза болуп, коррупцияга каршы чын ниетиңер менен күрөшүп бергиле. Ошондо биз оңолобуз. Ансыз коррупцияны жеңүү өтө кыйын», — деди президент.

Коррупция тууралуу кабарлагандарга сый акы берүү

Мындан тышкары, Жапаров отурумда «коррупция тууралуу маалымат берген адамдарга сый акы берүүнү тез арада киргизүү керек», — деп белгиледи.

«Коррупция менен күрөшүү жаатында иштеген коомдук уюмдардын ишин колдоо максатында Каржы министрлигинин алдында атайын адистештирилген фонд түзүлдү. Ошондой эле, коррупция жөнүндө кабарлаган адамдарга, анын ичинде коррупциялык схемаларды жана мамлекетке келтирилген коррупциялык зыянды аныктаган кызмат адамдарына бул фонддон бир жолку акчалай сыйлыктар каралышы керек», — деди президент.

Садыр Жапаров АИКтин жыйынында. Сүрөт: президенттин басма сөз кызматы

Финансы министри Алмаз Бакетаевдин айтымында, ведомство буга байланыштуу мыйзам долбоорунун үстүндө иштеп жатат. Ал орду толтурулган зыяндын өлчөмүнөн 10% сый акы берүү тартиби каралганын маалымдады. Бирок Бакетаев коррупция фактысы боюнча маалымат бергендердин сый акысы 1 млн сомдон ашпай турганын белгиледи.

«Коррупцияга каршы иш-аракеттердин артыкчылыктуу багыттарына ылайык, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча агартуу иштерин жүргүзүү, коомдо коррупцияга каршы атмосфераны түзүү үчүн коррупцияга каршы иш жүргүзгөн коммерциялык эмес коомдук уюмдарга мамлекеттик колдоо, анын ичинде каржылоо чараларын караштыруу зарыл», — деди Жапаров.

Президент Садыр Жапаров коррупция менен күрөшүү керектигин дайыма айтат. 21-октябрда жергиликтүү бийлик органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары менен болгон Кеңешмеде Жапаров «арабызда коррупционерлер үчүн орун жок» деп билдирген.

Анда ал коррупция менен күрөшүү уланарын, себеби ал бардык мамлекеттик мекемелерди жана чиновниктерди чырмап алган деп белгилеген.

Тема боюнча окуңуз:

«Карга карганын көзүн чукубайт». Аткаминерлер кылмыш жообунан кантип качып кутулат?

УКМК: Эркинбек Салымбеков 100 млн сом төгүп, эч жакка кетпөө шарты менен бошотулду

Чолпон Жакупова бизнеске кысым болуп жатканын айтып, президентке кайрылды