Прокурор Тамара Тилекеева Биринчи май райондук сотунан каржы полициясынын мурдагы төрага орун басары, депутаттыка талапкер Эмил Жамгырчиевди 15 жылга эркинен ажыратууну өтүндү.
Тилекеева ушундай эле жазаны өкмөттүн аппарат жетекчисинин экс-орун басары Бакыт Калмуратовго да сурады. Алар жеке ишкерден 50 миң доллар пара опузалоого айыпталып жатышат.
Мамлекеттик айыптоо аткаминерлерге «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Пара алуу» жана «Опузалап пара алуу» беренелери менен тагылган айып толугу менен далилденген деп эсептейт.
Ал эми Жамгырчиевдин адвокаты Марат Эшперов прокуратура айыпты далилдебегенин айтып, коргоого алган адамын актоону өтүндү. Жактоочунун айтымында, Жамгырчиев жабырлануучу ишкерди опузалап пара алган эмес.
Ошол эле учурда Калмуратовдун жактоочусу Айбек Сыдыков анын кардарына тагылган айыпты «Алдамчылыкка» алмаштырууну өтүндү. Ошондой эле Сыдыков жабырлануучунун айыпталуучуларга карата доосу жок болгондуктан бул ишти кыскартып салуу керектигин белгиледи.
Эмил Жамгырчиев 28-ноябрда өтүүчү парламенттик шайлоого «Альянс» партиясы менен катышууда.
Эмил Жамгырчиев жана «өрдөк эти» чуусу
Жамгырчиев 2018-2020-жылдары Каржы полициясынын төрага орун басары кызматын аркалаган.
2019-жылы жеке ишкер Эмир Эмилканов Жамгырчиев жана Калмуратов андан «50 миң доллар опузалаганына» даттанган. Эмилканов 2018-жылы Кытайдан Бишкекке 80 тонна өрдөктүн этин алып кирүүгө аракет жасаган.
Ишкердин айтымында, ал каражаттарды кылмыш ишин жаптыруу үчүн Калмуратов аркылуу Жамгырчиевге берген. Ошондой эле Эмилканов эки аткаминердин үстүнөн УКМКга арыз жазган.
Бул окуядан кийин Калмуратов кызматынан четтетилген. Ал эми Жамгырчиев ишкердин айткандарын «ыплас ушак» деп атаган.
2020-жылдын октябрь айында Жамгырчиев жана Калмуратов «Пара алууга» шектелип кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Бирок 2021-жылдын февралында Жамгырчиев үй камагына чыгарылган. Биринчи май райондук сотунан ал казынага 20 млн сом төлөгөнүн билдиришкен.
Арадан эки ай өтүп сот Калмуратовду да үй камагына чыгарган.
Анткен менен Жамгырчиев мамлекетке 20 млн сом төкпөгөнүн билдирген. Анын айтымында, ал «мамлекетке зыян келтирилген эмес».
Ал эми сот отурумунда ишкер Эмир Эмилканов айыпталуучулар 27 миң долларлык чыгымды төлөп бергенин, аларга доосу жоктугун айткан.