«50 миң доллар пара алууга» айыпталган Эмил Жамгырчиев «Альянс» менен шайлоого аттанды

Эмил Жамгырчиев

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (Каржы полиция) мурдагы төрага орун басары Эмил Жамгырчиев парламенттик шайлоого «Альянс» партиясы менен катышмай болду. Жамгырчиев ушул тапта «ири өлчөмдө пара алууга» айыпталып жатат.

«Өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуу үчүн “Альянс” партиясы менен шайлоого аттандым. Кыргыз спортунун эртеңки келечегине кам көрүп, жүздөгөн машыктыруучулардын талабын талашуу менин негизги ниетим», — деп жазды Жамгырчиев фейсбук баракчасында.

Жамгырчиев фейсбукта өзүн «Чүй жана Бишкектеги кыргыз күрөш федерациясы» коомдук бирикменин президенти катары көрсөткөн. Анткен менен Юстиция министрлигинин базасында уюмду Куваныч Эсаналиев жетектегени жазылган.

«Альянс» партиясы 12-октябрда съезд өткөрүп, талапкерлердин тизмесин бекиткен. Ал эми партияны депутаттар Мирлан Жээнчороев жана Жанар Акаев жетектемей болду.

Эмил Жамгырчиев жана «өрдөк эти» чуусу

Жамгырчиев 2018-2020-жылдары Каржы полициясынын төрага орун басары кызматын аркалаган.

2019-жылы жеке ишкер Эмир Эмилканов Жамгырчиев жана өкмөт аппаратынын мурдагы башчысынын орун басары Бактыбек Калмуратов андан «50 миң доллар опузалаганына» даттанган. Эмилканов 2018-жылы Кытайдан Бишкекке 80 тонна өрдөктүн этин алып кирүүгө аракет жасаган.

«Өрдөктүн этин Кыргызстанга киргизүүгө тыюу салынганын билчү эмесмин. Кыргызстанга киргенден кийин Балыкчыдан товарды бажы менен Каржы полициясынын балдары кармашып, ал “контрабанда” экенин айтып чыгышты», — деген Эмилканов.

Мындан улам Эмилкановго карата «Аткезчилик» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Ишкердин айтымында, ал алгач Калмуратовго кайрылган. Калмуратов маселени «Жамгырчиев аркылуу чечип беремин» деп, 50 миң доллар сураган. Эмилкановдун айтымында, ал параны Калмуратовго бергенде ал Жамгырчиевге чалып «акча келди, алып кетиңиз» деп айткан. Кийинчерээк Жамгырчиев өзү келип, «50 миң долларды алып кеткен».

Пара бергенине карабастан Эмилканов «Аткезчилик» беренеси менен күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 5 жылга шарттуу кесилген.

Кийинчерээк ишкер Каржы полициянын тергөөчүсү Замир Оморбеков аркылуу контрабандалык өрдөктүн этин чыгарууга аракеттенген. Бирок Эмилканов этти кампалардан чыгарып жаткан учурда УКМКнын кызматкерлеринин колуна түшкөн.

«Бизди суракка алып кетишти. Бакыт Калмуратовго чалсам, ал “биздин [Жамгырчиев экөөбүздүн] атыбызды айтпа, биз өзүбүз чыгарып кетебиз” деп койду [...] Сот үч ай болду, кайра тергөөгө жиберди. Мен алардын [Калмуратов менен Жамгырчиевдин] үстүнөн арыз жаздым», — деген Эмилканов.

Бул окуядан кийин Калмуратов кызматынан четтетилген. Ал эми Жамгырчиев бул маалыматтардын баарын чындыкка дал келбегенин билдирген.

Ал эми 2020-жылы октябрда бийлик алмашкандан кийин Калмуратов менен Жамгырчиев «ири өлчөмдөгү пара алууга» шектелип, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Үстүбуздөгү жылдын февраль айында Жамгырчиев мамлекетке келтирген 20 млн сомдук зыянды төлөп, үй камагына чыгарылган.

Арадан эки ай өтүп сот Калмуратовду да үй камагына чыгарган. Соттук отурумда Эмир Эмилканов шектүүлөр 27 миң долларлык чыгымды төлөп бергенин, доосу жок экенин айткан. Бул иш боюнча соттук отурумдар уланууда.

Матраимовдорго байланыштуу иликтөө

Жамгырчиев кызматта болгон кезинде кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллар тууралуу иликтөө боюнча суроолорго жооп берип келген. Анда ал 2019-жылдын күзүндө бизнесмен Айеркен Саймаити өлкөдөн 932 миллион 736 миң долларды мыйзамсыз чыгарып кеткенин ырастап, ошол эле учурда бул каражаттардын бюджетке тиешеси жок деп айткан.

Жогорудагы иликтөөдө мурдагы бажычы Райымбек Матраимов негизги фигурант болгон. Матраимовдордун колундагы эң кубаттуу куралы - үй-бүлөнүн кайрымдуулук иштери, маркум атасы Исмаилдин (Ысмайыл) ысымы берилген «Исмаил ата» фонду.

«Азаттык» радиосу, OCCRP жана «Kloop» буга чейинки иликтөөлөрүндө фонддун каржы булактары тууралуу маселени козгогон. 2014-2019-жылдар аралыгында которулган акчанын банктык кагаздары жана башка документтер фонддун каржысынын жарымы Кыргызстандан ири өлчөмдө акча адалданган көмүскө түйүндөн түшкөнүн көргөзгөн.

Кытайлык ишкер Саймаити журналисттердин маалымдоочусу болгон. Ал журналисттерге Борбор Азияда таанымал болгон Хабибулла Абдукадырдын үй-бүлөсүнө таандык көмүскө акчаларды адалдап берип жүргөнүн айтып берген. Анын айтымында, «көмүскө курьерлердин» жана банк аркылуу акча которуулардын жардамы менен беш жыл ичинде Кыргызстандан 700 млн долларга чукул акча чыгарылган.

Ал журналисттерге бул операцияларга бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун да тиешеси бар болгонун айтып берген. Саймаити Матраимов Абдукадырдын көмүскө бизнесинин жүрүшүн шарттаган бажыдагы коррупцияны колдоп турганын билдирген.

Иликтөөлөрдүн биринде фондго 2,4 млн доллар келип түшкөнү айтылган. Каражаттын 199 миң доллары бизнесмен Саймаитинин жубайы Бумаилиаму Вуфулинин банк эсеби аркылуу которулган.

Анда Жамгырчиев аны башка бир түрк жараны Вифулинин эсеби аркылуу «жардам берүү максатында гана» которгонун айткан.