«Өрдөк этинин чуусу». «Альянстын» талапкери Жамгырчиев казынага 20 млн сом төкпөгөнүн айтты

Эмил Жамгырчиев

«Альянс» саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Эмил Жамгырчиев «Ири өлчөмдөгү пара алуу» иши боюнча айыпты мойнуна алып, 20 млн сом төлөгөн деген маалыматты төгүндөдү. Бул тууралуу Vesti.kg басылмасына курган маегинде билдирди.

«Бул иш боюнча соттук териштирүү жүрүп жатат, ал аяктоо стадиясында. Айыптоолор менен макул эмесмин. Бул иште менин күнөөм бар-жогун сот аныктайт. Мен [мамлекетке] 20 млн сом төлөгөн эмесмин: кылмыш иштин фабуласында “мамлекетке зыян келтирилген эмес” деп көрсөтүлгөн. Ошондуктан [зыянды] ордун толтуруу тууралуу сөз жок», — деди Жамгырчиев.

Эмил Жамгырчиев Каржы полициянын төрага орун басары кызматын ээлеп турган учурунда «жеке ишкерден 50 миң доллар пара алган» деп айыпталып жатат. Аны менен бирге өкмөттүн аппарат жетекчисинин мурдагы орун басары Бакыт Калмуратов да айыпталуучу катары өтүүдө.

Аталган чыр коомчулукка 2019-жылы ачыкка чыккан. Анда Эмир Эмилканов аттуу ишкер Кытайдан өрдөк этин аткез жолу менен алып кирүүгө айыпталып, кылмыш ишин жаптыруу үчүн Калмуратов аркылуу Жамгырчиевге ири өлчөмдөгү пара бергенин айтып чыккан. Ошондой эле Эмилканов эки аткаминердин үстүнөн УКМКга арыз жазган.

Бул окуядан кийин Калмуратов кызматынан четтетилген. Ал эми Жамгырчиев ишкердин айткандарын «ыплас ушак» деп атаган.

2020-жылдын октябрь айында Жамгырчиев жана Калмуратов «Пара алууга» шектелип кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Бирок 2021-жылдын февралында Жамгырчиев үй камагына чыгарылган.Биринчи май райондук сотунан ал казынага 20 млн сом төлөгөнүн билдиришкен. Арадан эки ай өтүп сот Калмуратовду да үй камагына чыгарган.

Сот отурумунда Эмир Эмилканов айыпталуучулар 27 миң долларлык чыгымды төлөп бергенин, аларга доосу жоктугун айткан. Бул иш боюнча соттук отурумдар уланууда.

ТЕМА БОЮНЧА:

«50 миң доллар пара алууга» айыпталган Эмил Жамгырчиев «Альянс» менен шайлоого аттанды