Финполдун башчысынын экс-орун басары казынага 20 млн сом төлөп үй камагына чыкты

Эмил Жамгырчиев

Бишкектин Биринчи май райондук соту Каржы полициясынын төрагасынын мурдагы орун басары Эмил Жамгырчиевди 16-мартка чейин үч камагына чыгарды. Чечим 8-февралда кабыл алынды.

Соттун басма сөз кызматы билдиргендей, Жамгырчиев мамлекетке келтирген 20 млн сомдук зыянды ордуна келтирди.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жамгырчиев жана өкмөт аппаратынын мурдагы башчысынын орун басары Бактыбек Калмуратовду 2020-жылдын 19-октябрында кармаган.

Атайын кызматтын версиясы боюнча, аткаминерлер Кытайдан ташылган контрабандалык өрдөк эти боюнча Каржы полициясы тарабынан козголгон иштин тергөөсүн «оң тарапка чечип берүү үчүн» жеке ишкерден «өзгөчө ири өлчөмдөгү пара» алышкан.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы 2018-жылы Кытайдан ташылган контрабандалык өрдөк эти боюнча иш козгогон. Ал эми кийинчерээк ишке байланыштуу «50 миң долларлык пара» боюнча Жамгырчиев менен Калмуратовдун аты аталган. Анда финполдун жетекчисинин орун басары — Эмил Жамгырчиев — пара алуу тууралуу айыптоолорду «ыплас ушак» деп атаган.