Өрдөк этинен «өрүлгөн» чуру-чуу. Калмуратов үй камагына чыкты

19-апрелде өкмөттүн аппарат жетекчисинин мурдагы орун басары Бакытбек Калмуратов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

Калмуратов финполдун жетекчисинин мурдагы орун басары Эмил Жамгырчиев менен өрдөк этин аткезчилик менен алып келүү ишинде пара алуу боюнча айыпталган.

24.kg басылмасынын маалыматы боюнча, жабыркаган Эмир Эмилканов сот отурумунда айыпталуучуларга доосу жок экенин айткан.

«Мага келтирилген зыяндын суммасы 27 миң АКШ долларын түзгөн. Бул акча мага толук бойдон берилди. Азыр менин айыпталуучуларга доом жок», — деди ал.

Буга чейин Биринчи май райондук соту мамлекеттин бюджетине 20 млн сом төлөгөн Жамгырчиевди үй камагына чыгарган.

Өрдөк этин аткезчилик менен ташып келүү иши

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары катышкан жаңжал 2019-жылы ортого чыккан. Ошондо ишкер Эмир Эмилканов УКМКга арыз жазып, Кытайдан ташылып келген өрдөк этин сатууда өнөктөштөрү ортосунда маселелер жаралганын билдирген. Мындан улам ал өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары Бакыт Калмуратовго жардам сурап кайрылган.

Ишкердин айтымында, мындан кийин Жамгырчиев Калмуратов аркылуу андан 50 миң АКШ долларын талап кылган.

Финполдун жетекчисинин орун басары — Эмил Жамгырчиев — ишкердин айткандарын «ыплас ушак» деп атаган. Анын айтымында, кармалган өрдөк этин сатууда жардам берүү мүмкүн эмес болгон, анткени соттон кийин өрдөк этинин кармалган партиясы Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын, «Тазалык» муниципалдык ишканасынын жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин нормалары боюнча жок кылынган.

Жамгырчиевдин айтымында, ал Эмилканов аны жана башка аткаминерлерди 50 миң АКШ долларын опузалап талап кылууга айыптаганын билген, бирок бул киши менен эч кандай тааныштыгы жок экенин баса белгилеген.

Бир жыл өткөндөн кийин, 2020-жылдын октябрь айында өкмөт аппаратынын жана финполдун жетекчисинин мурдагы орун басарлары Бактыбек Калмуратов менен Эмил Жамгырчиевди өрдөк этин аткезчилик менен ташып келүү иши боюнча кармалып, суракка тартылган.

«Чогулган материалдардын негизинде Кылмыш кодексинин «Пара алуу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган», — деп УКМКнын коррупцияга каршы күрөш кызматы билдирген.