Ангеме ойдон чыгарылган. Материал Борбордук Азиядагы IDEA уюму тарабынан ишке ашырылып жаткан «Жаштар тандайт» долбоорунун алкагында жазылды.

Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылына эки ай мурда метеорит түшкөн — көл түнкүсүн жарык болуп, бакчадагы алмалардын бетинде кара-көк тактар пайда болуп, айрым тургундар ууланып ооруканага жеткирилген. Айылды коюу туман каптап келе жатканын көргөн Азамат жана анын достору алдыда бир коркунуч күтүп жатканын түшүнүштү. Адам күчү жетпечүдөй туюлган табышмактуу кубулуш эми кандай чечилет?

Акыркы эпизод — «Метеорит»

Эгерде бул аңгемени алгачкы ирет окуп жатсаңыз, окуянын биринчи, экинчи, үчүнчү жана төртүнчү бөлүгүнөн баштаңызда, кайра бул жерге кайтып келиңиз.

Коюу түтүн сымал каңырсыган туман акырындык менен айылдын көчөлөрүн каптап келе жатты. Бозомук тарткан көл жээги тумандан араң эле көрүнсө, айрым жерлери эч нерсе болбогондой ачык. Көлдүн ортосундагы кайнаган тумандын ичиндеги кичинекей кара сөлөкөт бир көрүнүп, кайра жок болуп кеткендей. Мындай таң калычтуу кубулушту биринчи жолу көрүп жаткан балдарга аларды көздөй кандайдыр амалдуу балекет келе жаткандай сезилди. Бирок, балдардын жүрөгүндө коркуу сезимине караганда кызыгуу артып баратты. Анткени, бул окуянын себебин билүү учуру келгенин баары жакшы түшүнүп жатты.

Көп ойлонбой эле эмне болгон кара сөлөкөт экенин билүү үчүн баары көл жээгин көздөй чуркашты. Жээкке жакындаганда кара так чирип жаткан кайык экенин көрүштү — катуу толкун шарданы менен көлдүн ортосуна алып кеткен сыяктанат.

— Тээтиги оргуштап жаткан жер тумандын очогу болуп жүрбөсүн, метеорит ошол жерге түшкөн болсочу? — деп Азамат досторун карады. Вова Азамат көрсөткөн тарапка көз чаптырды да:

— Чын эле метеорит болсо, андагы белгисиз элементтер туздуу суу менен реакцияга кирип, өрттөн чыккан түтүнгө окшоп туманга айланып жаткандыр.

— Мен өткөндө түн ортосунда тышка чыксам, айлананы туман каптап калыптыр болчу, бирок эртең менен тарап кеткен эле. Ушунун айынан биздин жемиштер ууланган болуп жүрбөсүн? — Бермет Вованын сөзүнө аралашты. Азамат бир азга ойлонуп турду да:

— Демек, алмалардын үстүндөгү көгүш тактар бул метеориттен чыккан заттын аба менен аралашканынын белгиси турбайбы, —Азамат досторун суроолуу карады да, сөзүн улады:

— Эми эмне кылабыз? Башкаларды күтө берсек кеч болуп кетпейби? Туман жайылып баратат. Бул метеоритти суудан алып чыкпайлыбы, кандай дейсиңер? — тынчы кеткен Бермет Азаматты карады:

— Ууланган жемиштерге караганда, туман дагы зыяндуу болушу мүмкүн. Эс- учубузду жоготуп койсок эмне болот?

Ошол замат Кубаттын көздөрү караңгыдан жол тапкандай жайнай түштү:

— Баса, атамдын гаражында жайкысын туристтерге ижарага берген акваланг менен кислород маскалары бар эмеспи. Ошолорду колдонолу. Жүр, Азамат, экөөбүз барып алып келе калалы.

Вова болсо көлдүн четиндеги сарайдын кулпусун бузуп, моторлуу кайык менен узун темир чынжырды алып келе турган болду. Ошентип, метеоритти издөөгө бардыгы макул болушту.

Бермет телефону менен түз эфирге чыгып, абалды түшүндүрө баштады:

— Мен Бермет, Чок-Тал айылында жашайм. Эки ай мурда жакын жердеги көлгө метеорит түшкөн. Анын кесепети бардыгына көрүнбөсө дагы, биз башында эле байкаганбыз. Бирок, далилибиз жок болчу. Артымда сиз көрүп турган тумандын очогу метеорит түшкөн жер деп ойлоп жатабыз. Досторум менен метеоритти алып чыкмай болдук. Эгер жоголуп кетсек, ушул жерден издегиле. Сөзүн бүтүрө электе Бермет катуу жөтөлө баштады:

— Өзүңөр көргөндөй, дем алуу кыйын. Кеч болуп баратат. Баарыңарга рахмат.

Аңгыча Берметтин артында турган балдар даярдыктарын бүтүрүп аны чакырышты. Төрт дос акваланг костюмдарын кийип, кычкылтек маскаларын тагып, моторлуу кайыкты сууга түртүп барып отурушту. Вова көптөн бери колдонулбай турган кайыкты от алдырганга аракет жасады эле — мотор күрүлдөп барып, жалп өчтү. Экинчи жолу гана от алды. Ошентип достор оргуштаган буунун чордонуна жөнөштү.

Жаалданган толкун, бирде жол ачык, бирде туман, бир гана кайыктын зуулдаган үнү. Алыстан караганда буу чыгып жаткан жердин очогу көрүнүп жатты эле, эми жаныңдагы кишиден башка эч нерсе көрүнбөйт. Кээде гана катуу шамалга туман суюла түшөт.

Бир аздан кийин Вова кайыкты токтотуп:

— Кайда бара жатканыбыз белгисиз, буунун очогун эми кантип табабыз? — Вова катуулап соккон шамалдан улам жүзүн колу менен калкалап жатты. Аңгыча Бермет тумандын суюла түшкөн жерин көрсөттү — кайыкта отургандардын көзүнө көлдүн түбүнөн чыккан жашыл жарык урунду.

— Эгер сууга чумкуп кирсек, туман жок да. Метеоритти тапканга жеңилирээк болот. Биз сүзгөн багытка карай айдай бер, — деп Азамат чынжырдын бир учун өзүнө бекитип, экинчи учун Берметке карматты. Азамат, Вова жана Кубат биринин артынан бири сууга секирди. Суунун асты жашыл жарыктан улам космостогудай көрүндү, өзүлөрү бул космосто астронавттар. Ар кайсы тарапка баш буруп, жашыл жарыктын кайдан чыгып жатканын көрүп, ошол тарапка бет алышты. Жакындаган сайын буу фосфордой жашыл жарык болуп оргуштап жатканын көрүштү.

Берметтин түз эфирин бир топ адам бөлүшүп, маалымат журналисттерге дагы жеткен экен. Айыл тургундары көлдүн жээгине топтоло баштады. Куткаруучулар, милиция менен дарыгерлер жолдо келе жатышат. Ал эми туман барган сайын коюулап, жээкти каптап кетти. Эчтеке көрүнбөйт.

Балдардан биринчи болуп метеорит түшкөн жерге Азамат жетти — метеорит суунун түбүндөгү байкалбаган чуңкурга түшүп калган экен. Эгерде жашыл буу чыкпаса аны байкоо таптакыр мүмкүн эмес эле. Казандай болгон сүйрү метеорит туздуу сууга кыжылдап, буркураган жашыл буу чыгып жатат. Азамат «метеоритти чынжыр менен байлап сүйрөтүп чыкса болчудай» деп ойлоду да, балдарга колу менен белги берди.

Үчөөлөп темир чынжыр чыгып кетпегегидей кылып метеориттин эки учуна ороп бекитишти. Азамат байлап жатып чарчай түштүбү — дем алуусу тездеп, тумчуга баштады. Байкаса, кийиминдеги кычкылтек түгөнүп калган экен. Вовага карап колун жаңсап түшүндүргөнгө аракет кылды, дем жетпеген абалда темир арканды эки-үч ирет силкип жиберди.

Суунун үстүндө балдарды күтүп жаткан Бермет темир чынжырдын билинер-билинбес силкингенинен чочуп сүйүнүп кетти. «Белги берип жатышабы» деп Бермет кайыкты от алдырып даяр болууну чечти. Бирок кайыктын от алар түрү жок — эки, үч ирет аракет кылды. Бермет жинденип, моторду эки-үч ирет уруп жиберди. Кайык гүрүлдөп барып, иштеп кетти.

Азаматтын көзү аңтарылып, эс учун жоготуп жаткандай. Вова менен Кубат эмне кыларын билбей, Азаматты желкесинен кармап, суунун үстүн карай сүйрөй баштады. Кайыкта отурган Берметтин санаасы санга сапырылат. Бир маалда Вова менен Кубат Азаматты эки жагынан сүйрөп суудан чыгарышты. Азамат шалдырап эс учун жоготуп койгон. Бермет дароо өзүнүн кычкылтек берүүчү жабдыгын чечип, Азаматка кийгизе калды. Достор бир жабдыктан алмак-салмак дем алып, жан алекетке түшүп жатышты.

Оор нерсени сүйрөгөндөнбү, айтор кайык акырындык менен ордунан козголду. Көлдүн бетинде бир нече мүнөт жүргөнүнө карабай, туман суюлгандай түрү жок. Тескерисинче, кайыктын артынан ээрчип келе жаткандай. «Туура эмес тарапка кете берип, кычкылтегибиз түгөнүп калбайбы?» деген күдүк ой ар биринин акылында турду.

Дал ушул маалда оң тараптан калың элдин үнү угулгандай болду. – «Вова, кайыкты оң тарапка бур, үндөр ошол жерден чыгып жатат» жөтөл аралашкан үн менен кыйкырды Бермет.

Көлдүн жээгинде эл чогулуп, журналисттер, тез жардам унаалары жаңыдан келе баштаптыр. Кайык жээкке жакындаары менен куткаруучулар жетип келип, балдарды алып чыгышты. Дем жетпей жатса дагы Бермет Азаматтын эс учун жоготконун айтып дарыгерлерди чакырды. Буркураган тумандан эч нерсе көрүнбөйт.

Кубат менен Вова бирөөлөрдүн унаасына чынжырды туташтырып от алдырышты. Кочкул түстүү сүйрү метеорит суудан жээкке чыгаары менен ышылдаган буу токтоду. Көп өтпөй эле айланадагы туман сейрек болуп жоголуп баратканын бардыгы байкашты.

Азамат өзүнө келип, эки жагын карады, тез жардам унаасында жатканын көрдү. Жанында плед жамынып отурган Бермет сүйүнүп колуна телефонду узатты:

— Азамат, силерди түз эфирден көрдүм. Бул жакта апаң менен сарсанаа болдук. Азыр жолдо бара жатабыз. Иним болсо жакшы, таекең дагы сакайып ооруканадан чыкты. Бир аздан айылга барып калабыз.

Ушул маалда балдар отурган унаага журналисттер келишти. Алар досторго суроо узатып, эмне үчүн ушундай коркунучтуу ишке барганын билүүнү каалашты:

— Биздин айылда болуп жаткан таң калычтуу кубулуш баарына белгилүү болчу. Бирок, анын кесепети бизге гана таасир берди. Ар бир кылган ишибиз биздин гана тандообуздан көз каранды. Биз өзүбүздүн тандообузду жасадык, — Азамат асман-жердин бириккен түздүгүнө көз чаптырды.

Аңгеменин бардык бөлүмүн tanda.kg сайтынан дагы окуп, кызыктуу квестке катышыңыз. Шайлоо күнү ар түрдүү жагдайларда сиз кандай чечим кабыл аласыз?

Автору: Найзабек Мукамбетов

Сүрөт: Дарья Удалова

Редактору: Бегайым Талантбекова