Өмүрзаковдун жолду тоскон баннери: «Ишеним» партиясы шайлоочунун үстүнөн даттанды

16-ноябрда социалдык тармактарда Ош шаарында «Ишеним» партиясынын талапкери, ИИМ башчысынын мурдагы орун басары Сүйүн Өмүрзаков жолду тосуп алып үгүт иш-чарасын уюштуруп жатканы тууралуу айтылган тасма тараган. Партиянын өкүлдөрү жолугушууну алар эмес, шайлоочулардын бири демилгелегенин айтып, анын үстүнөн ШИИБге арыз жазышты.

Эмне болду?

16-ноябрь күнү Фейсбукта «Ишеним» партиясынын талапкери, ИИМдин башчысынын экс-орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун баннери жол тилкесин тосуп илингени боюнча видео тараган. Тасмадан калаадагы 8-март көчөсүнүн жолуна отургучтар тизилип, колонкалар коюлганын көрүүгө болот.

Видеодогу киши жолдон унаалар өтө албай жатканына даттанып, Ош шаарында «ашыкча башаламандык орун алып жатат» деп айткан.

«Мен Ош мэрине кайрылат элем. Мындайларга бөгөт койсоңуздар [...] Милиционерлерден бери буга кийлигишип жатса анда буга кандай чара колдонулат? Мындай кылып жолду тосуп алган өтө чоң жаңылыштык», — деген ал.

Ал эми тасмадагы башка кишилер видео тартып жаткандарга нааразы болушкан, бирок так эмне деп сүйлөшкөнү угулган эмес. Киши жолду тоскон баннерди жана отургучтарды алып салууну талап кылган соң, алар отургучтарды жыйнай башташкан. Кийинчерээк видео Фейсбуктан өчүрүлгөн.

«Шайлоочулар өз билемдик кылган»

Ош АШКсынын төрагасы Бакыт Алматов аталган факты боюнча милицияга жана шайлоо комиссиясына «Ишеним» партиясынын өкүлү арыз жазганын билдирди. Анда арыз ээси «8-март көчөсүндөгү шайлоочулар өз билемдик кылганын» айтып, чара көрүп берүүнү өтүнгөн.

«Ишенимдин» өкүлү «партия жана талапкер Сүйүн Өмүрзаков бул көчөдө жолугушуу өткөрүүнү пландабаганын, шайлоочулардын иш-чарага даярданып алганын өздөрү башка жолугушууда жүргөндө билишкенин» айткан.

«Шайлоочулар “даярдап алдык, келесиңерби” деп чалганда, “биз Семетей кинотеатрындабыз, ал жакка бара албайбыз, силер антип өз билемдик кылбагыла” деп айткан экен. Андан соң тургундар баннер жана отургучтарды жыйнашкан», — дейт АШКнын төрагасы.

Алматов арыз жазылгандан соң аталган көчөнүн тургундары суралып, түшүнүк кат жазганын, тургундардын бири иш-чараны өзү уюштурганын мойнуна алганын айтты.

Анын айтымында, тургун бул ишин «аталган жерде той-маараке өткөрүп көнүп калганы жана аксакалдарды убара кылбай ошол жерде эле жолугушуу өтүшүн каалаганы менен» түшүндүргөн.

АШК төрагасы аталган иш боюнча Ош ШИИБи «Үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу» беренеси менен териштирүүнү аяктап шайлоо комиссиясына өткөрүп бергенин билдирди. Ал комиссия шайлоочуга айып пул салышы мүмкүн экенин кошумчалады.

Сүйүн Өмүрзаков — укук коргоо органдарында 1997-жылдан тартып иштеп келет. Ал ИИМдин ар кандай жетекчилик кызматтарында эмгектенип, 2016-жылы министрдин башчысынын биринчи орун басары болуп дайындалган. Үстүбүздөгү жылдын октябрында Өмүрзаков шайлоого катышуу үчүн кызматынан кеткен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Үгүттүн биринчи аптасында «Ишеним» 19,5 млн сом коротту. Калгандарычы?