Сүлүктү: Көмүр шахтасында жумушчу иске ууланып ооруканага түштү

Баткен облусунун Лейлек районунда шахтанын жумушчусу иске ууланып ооруканага түштү. Бул тууралуу 26-мартта Өзгөчө кырдаалдар министирлиги билдирди.

Окуя кечээ күнү Сүлүктү шаарында жайгашкан «Байкал+» шахтасында болгон. Вице-мэр Марсия Сапаркулова «Клоопко» бейтаптын абалы жакшырып, бутуна туруп басып калганын айтты.

ӨКМге шахта урап, ичинде жумушчулар калып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Тоо-кен куткаруу бөлүмүнүн куткаруучу тобу жерине барганда бир ишчи иске ууланганын көрүшкөн. Жабырлануучуну ооруканага кесиптештери жеткиришкен.

2020-жылдын 23-июнунда Сүлүктүдөгү көмүр шахтада төрт адам газга ууланып каза тапкан. Кийинчерээк алар жоголгон малды издеп кырсыкка кабылышканы белгилүү болгон.

ӨКМ Баткендин шахталарында газга ууланып каза болгон учурлар тууралуу утур-утур кабарлап турат. Ведомство 2019-жылдын декабрында төрт адам, октябрь айында тогуз адамдын өлүмү тууралуу маалымдаган.

Автору: Нурпейил Ашур кызы