Жалал-Абад: Тогуз-Тородо мектеп өрттөндү

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда Каргалык айыл аймагындагы орто мектепте өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы 17-ноябрда билдирди.

Маалыматта мектептин чатыры күйүп жатканы тууралуу маалымат ӨКМге саат 00:10 де келип түшкөнү айтылган. Жерине өрт өчүрүүчү эки бригада, 10 куткаруучу жана ыкчам топ тартылган. Имараттагы өрт түнкү саат 01:03тө курчоого алынып, таңкы 07:10до толук өчүрүлгөн.

Ведомстводон өрттүн кесепетинен мектептин чатырынын 480 чарчы мерт аянты толук күйүп кеткенин кошумчалашты. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.

Мектеп окуучулары кайда окуп жатканы азырынча белгисиз. Билим берүү министрлиги бул тууралуу кийинчерээк маалымат берүүнү убадалады.

Үстүбүздөгү жылдын 2-мартында Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Маданият айылындагы №42 мектепте өрт чыккан. Тилсиз жоонун кесепетинин имараттын чатырынын 262 чарчы метри жана 212 чарчы метр ички жасалгасы күйүп кеткен.

Кыргызстандагы мектептер

Кыргызстанда 2200дөн ашуун мектеп бар, аларда 600 миңдей орун бар. Ал эми окуучуларлын саны 1 миллион 300 миңден ашат. Демек өлкөдө бир орунга жок дегенде эки окуучу туура келет.

Ал эми өлкөдөгү 202 мектептин имараты жараксыз деп табылган. Анткен менен айрымдарында балдар дагы деле окуп жатышат.

Билим берүү министрлиги өлкө аймагында дагы 600гө жакын мектеп куруу керек деп айтып келет. Окуучулардын санынын нормадан ашыкча болушу мугалимдерге түйшүк жаратат.

Тема боюнча:

Сузак: Мугалимдер мектепке ашар жолу менен кошумча имарат куруп жатышат

«Кышында куртка менен отурдук». Жаңы мектеп сапатсыз курулуп, полу чирип кеткен