«Өрт өчүрүүчүлөр кеч келди». Кара-Сууда мектеп өрттөндү, жабыркагандар жок

Сүрөт: Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Маданият айылындагы №42 мектебинен 2-мартта кечки саат 18:28де өрт чыкты. Кырсыктан жабыркагандар жок.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, өрттүн кесепетинен мектептин 262 чарчы метр чатыры жана 212 чарчы метр ички жасалгасы күйүп кетти — бул эки класс жана коридор.

«Өрттү өчүрүүгө 3 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылып, саат 20:15те өрт толугу менен өчүрүүлгөн. Учурда өрттүн себеби такталууда», — деп берилет ӨКМдин маалыматында.

Алдын ала маалыматтар боюнча өрттүн чыгышына электр тогу себеп болгон.

Мектеп директору Нуржамал Раманова «Т-Медиа» басылмасына берген маегинде өрт учурунда эч ким жабыркабаганын кабарлады. Ошондой эле ал өрт өчүрүү кызматы 27 мүнөткө кеч келгенин билдирди.

«Күйгөн класстарды 1-апрелге чейин калыбына келтиргенге аракет кылып жатабыз. Негизи класстарды сактап калмакпыз. Өрт өчүрүү кызматы 27 мүнөт кечигип келди. Анда да үч унаанын экөө толук суу менен келген эмес окшойт. Алар кайра барып суу толтуруп келгиче, өрт экинчи класска өтүп кетти», — деди Раманова.

Күйүп кеткен мектепте 461 окуучу кадимки тартипте билим алып жатышкан. Мектеп мүдүрүнүн айтымында, бүгүнкү күндөн тарта 2-8 класстын окуучулары онлайн окууга өткөрүлүп, 1, 9-11 класстар айылдагы ФАПтын имаратында билим алып башташат.

Өткөн жылдын декабрь айында Баткен облусунун Чоң-Талаа айылындагы мектеп күйүп кеткен. Кырсыкка учураган мектеп 180 орунга ылайыкташтырылган, бирок иш жүзүндө ал жерде 300гө чукул окуучу билим алышкан.