Өмүрбек Суваналиев: Добуш сатып алуунун калыптанган схемасын жоюш керек

Коопсуздук кеңешинин башчысынын мурдагы орун басары Өмүрбек Суваналиев Кыргызстанда таза шайлоо өткөрүү үчүн биринчи кезекте добуш сатып алуунун «калыптанган схемасын жоюш керек» деп билдирди. Ал мындай пикирин 17-ноябрда «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүндө айтты.

Анын айтымында, Кыргызстанда айыл өкмөт башчылары, үй башчылары добуш сатып алууну бизнеске айландырып алган.

«Баары эле административдик ресурс дешет, кайдагы админресурс эгер эл ичинде бийликтин авторитети нөл болсо? Айыл өкмөтү, домкомдор баш болуп, баары партия лидерлери менен бирге “подкуп” деген бизнеске кирип кеткен», — дейт ал.

Тема боюнча: Эмне үчүн домкомдор шайлоодо добуш сатып алуу менен алек болушат?

Ошондой эле, Суваналиев 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоону мисал келтирип, бир добуш үчүн «300 доллар берген» учурлар болгон деди.

«Мен былтыр дагы “Азаттыкка” айткам, бийликтин камчысын чапкан эки партия шайлоодо 50 млн долларга чейин сарптага [...] Анда «бир мандат жарым миллион сомго бааланган», — деп билдирди ал.

Аны менен катар, Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары өткөн жылы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга себепкер делген партиялардын мүчөлөрү быйыл дагы шайлоого катышып жатканын айтты.

«Азыр ошол эле “Мекеним Кыргызстандын”, “Биримдиктин”, “Кыргызстандын” балдары жер-жерлерде башка партиялардын курамына кирип кеткен. Көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы дегендей, азыр алар мурдагыдан алда канча тажрыйбалуу. Булар көмүскөгө кирди. Президент катуу айтып атат. ИИМ, УКМК айтып жатат. Алар билет, коркуп атат. Булардын баары баары бир иштейт. УКМКнын төрагасы деле айтып жатпайбы, бул жерде калыпталып калган схема бар», — дейт ал.

Аны менен катар, Суваналиев «президенттин таза шайлоо өткөрүү боюнча мотивациясы жакшы» экенин белгилеп, жыйынтыгы 10 күндөн кийин билинерин кошумчалады.

Өмүрбек Суваналиев

Эл арасында «Комиссар Катани» атыккан Өмүрбек Суваналиев көп жылдар бою күч түзүмдөрүндө кызмат өтөгөн. 1995-1997-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Андан соң Ош, Нарын жана Бишкек шаардык милициясын жетектеген. Ошондой эле Ички иштер министринин орун басары кызматында аркалаган. 2011-жылы президенттикке талапкерлигин койгон.

Суваналиев 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен катышкан. Ал эми шайлоодон кийинки саясий кризис учурунда Суваналиев өзүн күч органдарынын координатору деп жарыялап, УКМКнын имаратында иштеген.

Кырдаал турукташа баштагандан кийин 9-октябрда аны УКМКнын кызматкерлери атайын органдын имаратынан чыгарып салышкан. Ал эми 10-октябрда экс-президент Сооронбай Жээнбеков аны ээлеген кызматынан бошоткон.

Суваналиев буга чейин айрым саясий партиялардын артында криминал турганын жана президент Садыр Жапаров «зектер менен жакшы мамиледе» болгонун билдирген.

Ал эми 2021-жылдын 15-февралында Суваналиев өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган. Апрель айынын аягында чек арада орун алган куралдуу жаңжалдан кийин ал кызматынан алынган.

Дагы окуңуз:

Суваналиев: Садыр Жапаров «зектер» менен жакшы мамиледе

Суваналиев октябрь окуялары жана Матраимовдун мафиясы тууралуу айтып берди