УКМК: Талапкер Камчыбек Жолдошбаев шайлоочуларды массалык сатып алууну уюштурган

Учурдагы депутат, Бишкектин Ленин району боюнча бир мандаттуу округдан талапкер болуп жаткан Камчыбек Жолдошбаев туугандары аркылуу шайлоочуларды массалык сатып алууну уюштурган. Бул тууралуу БШКнын сайтында жарыяланган УКМКнын катында айтылат.

Мамкомитеттин маалыматына ылайык, Жолдошбаев калаанын Ленин районунда жашаган үй башчылары менен квартал комитеттерин массалык добуш сатууга көндүргөн.

Камчыбек Жолдошбаев. Сүрөт: парламенттин басма сөз кызматы

Катта 16-ноябрда Жолдошбаевдин кудасы шайлоочуларга акча таратып жаткан жеринен кармалганы тууралуу маалымат дагы тастыкталган.

«Сыдыков М.О. [Жолдошбаевдин кудасы] Ленин районунун 4 шайлоочусуна 80 миң сом таратып, андан соң кармалган. Тинтүүнүн алкагында жана Сыдыковдун унаасын кароо учурунда шайлоочуларга таратып берилиши мүмкүн болгон 39 миң сом табылган, муну шайлоочулардын жашаган жеринин даректери жазылган тизме күбөлөндүрүп турат», — деп айтылат катта.

Тема боюнча: Видео: Бишкекте талапкердин ишенимдүү адамы добуш сатып алууга шектелип кармалды

УКМК 16-ноябрда Жолдошбаевдин эки үгүтчүсүнүн үйүндө «кечиктирилгис тинтүү» жүргүзүлгөнүн да кабарлаган. Натыйжада УКМК кызматкерлери 138 миң сом жана шайлоочулардын тизмелерин табышкан.

Жолдошбаевдин кармалган кудасы УКМКнын убактылуу кармоо изоляторуна киргизилген. Комитеттен кошумчалашкандай, «талапкер Камчыбек Жолдошбаевдин пайдасына тургундарды сатып алуу схемасына байланышы бар башка адамдарды аныктоо үчүн» тергөө амалдары уланып жатат.

БШКнын сайтында УКМКнын Жолдошбаев боюнча каты Ыкчам чара көрүү координациялык тобунда каралып жатканы да маалымадалат.

Мурдарак ИИМ үгүт кампаниясы башталган күндөн тартып 28 кылмыш катталып, анын ичинен 21и «Шайлоочуларды сатып алуу» беренеси менен козголгонун билдирген. Ошондой эле бул убакыт аралыгында 37 жорук катталган, анын ичинен 18и «Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен козголгон.

Жолдошбаев жумушка маршруткадан түшүп, жөө басып келген кесиптештеринен уяла турганын айтып сынга кабылган депутат.

Тема боюнча окуңуз:

«Жол тандабастар, батирлер жана бизнес». Уялчаак депутат эмнелерге ээлик кылат?

Видео: Депутат Камчыбек Жолдошбаевдин декларацияга киргизилбеген үйү табылды

Парламенттик шайлоо

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген. Жаңы мыйзамга ылайык, парламенттин жаңы чакырылышына 90 депутат келет. Эл өкүлдөрү 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Парламенттик шайлоо аралаш система менен өтөт. 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округдан өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлерден шайланат.

Парламенттик шайлоого 21 партия катышат, ал эми бир мандаттуу округдардан 300гө жакын талапкер катталган.

Тема боюнча окуңуз:

Эмне үчүн домкомдор шайлоодо добуш сатып алуу менен алек болушат?