Видео: Бишкекте талапкердин ишенимдүү адамы добуш сатып алууга шектелип кармалды

Бишкек шаарынын бир мандаттуу округу боюнча парламенттин депутаттыгына талапкердин ишенимдүү адамы добуш сатып алууга шектелип колго түштү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы 17-ноябрда маалымдады.

Атайын кызмат талапкерлердин биринин С.М.О аттуу жакын тууганы калаадагы айрым үй комитет башчыларын мыйзамсыз үгүт жүргүзүүгө жана добуштарды акчага сатып алууга көндүргөнү аныкталганын белгилейт.

«16-ноябрда акча каражатын бөлүштүрүү учурунда пара менен кармалган С.М.О.нун добуш сатып алуу боюнча төгүндөлгүс фактылар табылды. Ошол эле учурда анын унаасын тинтүүдө шайлоочулардын дареги көрсөтүлгөн тизме жана ири суммадагы акча каражаты алынды», — дейт атайын кызматтын басма сөз кызматы.

Андан тышкары, ведомство тараткан видеодо шектүүнүн унаасынан 500-1000 сомдук купюралар табылганын көрүүгө болот. Ошондой эле талапкердин тууганы белгисиз батирден газ плитанын артына жашырылган документтерди алып чыккан.

Бул факты «Шайлоочуларды сатып алуу» беренеси менен катталып, ал эми шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бишкек шаарында төрт шайлоо округу бар: Ленин, Октябрь, Биринчи май жана Свердлов. Ал эми УКМК жарыялаган сүрөттөрдө үгүт кагаздардын биринде «№6» жана «...чыбек ...баев» деген жазууларды көрүүгө болот — бул Ленин шайлоо округунун талапкери, депутат Камчыбек Жолдошбаев болушу ыктымал.

Анткени БШК өткөргөн чүчү кулакка ылайык, Жолдошбаевге шайлоо бюллетенинде 6-номер тийген.

Ошондой эле, «Акипресс» басылмасы күч структураларындагы булагына таянып, добуш сатып алууга шектелип кармалган жаран «Камчыбек Жолдошбаевдин тууганы» деп жазды.

Камчыбек Жолдошбаев

Жолдошбаев алгачкы жолу Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышында депутат болгон. 2015-жылы шайлоого «Өнүгүү-Прогресс» партиясы менен катышып кайрадан депутат болуп шайланган.

Депутат Жолдошбаев жумушка маршруткадан түшүп, жөө басып келген кесиптештеринен уяла турганын айтып сынга кабылган.

Мындан сырткары Жолдошбаев чуулуу иштери менен белгилүү: 2011-жылы ага бир нече соодагердин арызынын негизинде «Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

2014-жылы болсо журналист Семетей Талас уулу депутат ага кол салганын билдирген. Ал эми 2016-жылы Жолдошбаев өзүнүн фракциясынын жыйынында көп аялдуулукту мыйзамдаштырууну сунуштаган.

Камчыбек Жолдошбаев бай депутаттардын катарын толуктайт. Депутаттын кымбат баалуу мүлктөрү, компаниялары жана батирлери бар.

Таза шайлоо өткөрүү

15-октябрда президент Садыр Жапаров Фейсбуктагы барагы аркылуу шайлоодо добушун саткан да, сатып алып жаткан да жарандар бир жарым жылдан эки жылга жылга чейин абак жазасына кесилерин эскерткен.

Буга чейин ал парламенттик отурумда депутаттарга кайрылып, аларды добуштарды сатып албоого чакырган. Өз кезегинде өлкө башчы административдик ресурс колдонулбайт деп убадалаган.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга дайындалды. Жаңы Конституцияга ылайык шайлоо аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат. Партиядагы талапкерлер «ачык тизме» менен шайланышат.

Тема боюнча: Эмне үчүн домкомдор шайлоодо добуш сатып алуу менен алек болушат?