УКМК парламент депутаттыгына талапкер Жаныбек Абировду суракка алды

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер, Бишкек шаардык кеңештин мурдагы төрагасы Жаныбек Абировду УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгына суракка чакырышты. Бул тууралуу Абиров Инстаграм барагына жазды.

Буга чейин Равшан Жээнбековдун тарапташы Айсулуу Кудайбердиева өзүнүн Фейсбуктагы барагына Абировдун үгүтчү жаштар менен түшкөн сүрөтүн жүктөгөн. Кудайбердиева сүрөттөгүлөр жашы жете электер болушу мүмкүн деп эсептейт.

«Кызык, ушул сүрөттөн кийин УКМК Абировду аркасында турган жашы жете элек балдарды үгүт иштерине аралаштырганы үчүн суракка чакырабы?» — деп суроо салган ал.

Абиров өзү УКМК аны Кудайбердиевнын постунан кийин суракка чакырды деп эсептейт. Ал Vesti.kg басылмасына курган маегинде, бардык үгүтчүлөрүнүн жашы жеткенин айтып, сурактын алдында эч кандай кабатырлануу жок экенин билдирген. Талапкер суракка саат 16:00го чакырылды.

«Баары менен расмий келишим түзүлгөн, документтердин бардыгы колубузда турат. Бүгүн мага Равшан Жээнбековдун штаб башчысы Жаныбек байке кайрылып, бардык талапкерлер менен Жээнбековду шайлоо процессинин бардык этабына толук катыштыруу жөнүндө өтүнмөгө кол коюп бергиле деген. Мен дароо кол койгом. Ошол замат Айсулуу Кудайбердиева пост жазды. Бул жагы, боор ооруса боорго тебет, болуп калды. Мындай кылган болбойт, Айсулуу», — деди Абиров.

Равшан Жээнбеков, Абиров сыяктуу эле Ленин шайлоо округунан талапкер. Буга чейин бул округдун талапкерлери Жээнбековго үгүт жүргүзүүгө шарт түзүп берүү өтүнүчү менен БШКга кайрылышкан. Жээнбеков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы резиденциясын штурмга алуу иши боюнча кармалган, учурда УКМКнын ТИЗОсунда.

УКМК Абировду эмне себептен суракка чакырганы тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Буга чейин атайын кызмат жашы жете электерди үгүт ишине пайдаланды деген шек менен парламент депутаты Дастан Бекешевди суракка чакырган.

«Бул административдик ресурс колдонуу, бул тууралуу баса белгилеп айта алам, себеби менин Октябрь районундагы бардык атаандаштарыма [шайлоо иштерине] эч ким мынчалык кийлигишпейт, жада калса айрым мыйзам бузууларына көз жумуп коюшат», — деп билдирген саясатчы.

Кийинчерээк УКМК, Бекешев суракка «өз ыктыяры менен көрсөтмө берүү» үчүн келгенин билдирген. Ошондой эле атайын кызматтын кызматкерлери жашы жете элек балдар Бекшев аларды үгүтчү кылып жалдаганын мойнуна алганы боюнча видеону да жарыялашкан.

Парламенттик шайлоо аралаш система менен өтөт. 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округдан өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлерден шайланат.

Парламенттик шайлоого партиялар аркылуу жана бир мандаттуу округдардан — 1300дөн ашык талапкер катышып жатат. Парламенттик шайлоого 21 партия катышып жатат.

Тема боюнча окуңуз:

​​«Мыйзамдуулукту булбулдай сайрайт, бирок аны өзү бузат». Президент Бекешев тууралуу