Москвада «Бүтүн Кыргызстандын» сегиз тарапташы камалды

Полиция 18-ноябрда Москвада партиянын символикасы жана Кыргызстандын байрагы менен автожүрүш, ошондой эле марш өткөргөн «Бүтүн Кыргызстандын» тарапташтарын кармады. Бул тууралуу Кыргызстандын ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Полиция кызматкерлери 14 адамды кармады. Акциянын уюштуруучусу Эмил Бекиев уруксатсыз митинг өткөрүп жана коомдук тартипти бузганы үчүн 15 суткага камакка алынды.

Ошондой эле, акциянын жети катышуучусу 10 суткага камалды, дагы жети адамга 20 миң рубль айып салынды. ИИМдин басма сөз кызматы кармалгандардын тизмесин жарыялады.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын Санкт-Петербургдагы автожүрүшү. Эмил Бекиевдин видеосунан скриншот

Орусиялык орган кызматкерлеринин маалыматына караганда, борбор калаанын тургундары акциянын катышуучулары коомдук тартипти жана жол тилкесиндеги транспорт кыймылын бузуп жатканына даттанышкан. Алардын айтымында, кыргызстандыктар «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын талапкерлерин колдоо максатында саясий ураандарды кыйкырып, саясий бирикменин атрибутикасы менен авто жана жөө жүрүш уюштурган.

ИИМдин маалыматы боюнча, Бекиев жана акциянын дагы үч катышуучусу Орусиянын жарандары. Калгандары — кыргызстандыктар.

Ошондой эле, кармалгандардын ичинен үч адам миграция мыйзамын бузганы аныкталды. Аларга карата административдик материал түзүлдү.

Буга чейин Бекиев өзүнүн YouTube-каналына видео жарыялаган, анда Санкт-Петербургдагы үгүт автожүрүш чагылдырылган. Ролик «Бүтүн Кыргызстан» партиясы тарабынан каржыланган.

«Бүтүн Кыргызстан»

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын талапкери Сагынбек Кудаяров 9-ноябрда Исфана шаарындагы иш-чарада партиянын лидери Адахан Мадумаровго диний аалым, маркум Чубак Жалиловдун сүрөтү бар килемди белек кылганы үчүн 7,5 миң сом айып пулга жыгылган.

БШКдан шайлоо мыйзамынын 28-беренесине ылайык, үгүт материалдарда «диний тематикага шилтеме жасоого жол берилбейт» деп билдиришкен.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга дайындалган. Жаңы Конституцияга ылайык шайлоо аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат. Партиядагы талапкерлер «ачык тизме» менен шайланышат.