Блогер Гүлзат Мамытбек ачкачылык кармаганын токтотту

Акыйкатчы аппаратынын басма сөз кызматы 23-ноябрда блогер Гулзат Мамытбек №1 ТИЗОдо ачкачылыгын токтотконун маалымдады.

Гүлзат Мамытбек. КТРКнын видеосунан скриншоту

Ал күнү Мамытбекке акыйкатчы аппаратынан кызматкер барган. Түшүнүк катында блогер ТИЗОнун администрациясына мындан ары доосу жок экенин жазган.

Ал абалы да жакшы экенин, ага күндө В жана С витаминдери менен глюкоза тамчылатылып жатканын белгилеген.

Гүлзат Мамытбектин түшүнүк каты. Сүрөт: Акыйкатчынын аппараты

Гүлзат Мамытбек ачкачылыгын 14-ноябрда баштаган. Ал президентке жана башка мамлекеттик органдарга жазган каттары кабыл алынбай жатканына нааразы болгон. Ошондой эле, анын айтымында, ТИЗОнун кызматкерлери ага орой мамиле кылышкан.

«Сүйлөшүү учурунда ТИЗОнун башчысы бардык тиешелүү каттар өз убагында жөнөтүлгөнүн, чыгыш документтеринин көчүрмөлөрү бар экенин айтты», — деп билдиришти аппараттан.

Мындан сырткары, блогер ага карата негизсиз айып тагылганын жана анын маселеси жарандык тартипте каралышы керектигин билдирген.

Мамытбектин кармалышы

25-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБи Гүлзат Мамытбекти алдамчылыкка шектеп кармаган. Ага чейин Мамытбек алдамчылыкка шектелип бир жылдан бери издөөдө жүргөн.

ИИБ буга чейин милицияга жети жаран кайрылып, Мамытбек алардын «ишенимине кирип, чоң киреше убадалап акчаларын алганын» билдирген. Акчаларды алып, удабасын аткарбай, изин жашырып кеткен. Зыяндын жалпы өлчөмү 110 миң долларды түзгөн. Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын реестрине «Алдамчылык» беренеси менен катталган.

28-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту блогер Гүлзат Мамытбектин баш коргоо чарасын карап, 25-ноябрга чейин №1 ТИЗОдо камакта калтыруу чечимин чыгарган.