Журналист Геннадий Павлюктун өлүмү. УКМКнын экс-кызматкери ырайым сурады

УКМКнын мурдагы кызматкери Алдаяр Исманкулов ырайым сурады. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматына (ЖАК) таянып Svodka AKIpress жазды.

Ведомствонун маалыматына караганда, Исманкулов №27 түзөтүү мекемесинде жаза өтөп жатат. Ал журналист Геннадий Павлюктун өлүмү боюнча күнөөлү деп табылган.

Алдаяр Исманкулов. Сүрөт: «Азаттык»

«Соттолгон адам өзүнө мунапыс колдонууну суранган. Азыр баарын сот карап жатат», — деп билдиришти ЖАКтан.

Павлюктун өлүмү

Кыргызстандык журналист Геннадий Павлюкту 2009-жылы өлтүрүшкөн — аны Алматыда турак үйдүн алтынчы кабатынан ыргытып жиберишкен. Колу-буту скотч менен байлануу болгон. Журналист алты күн комада жатып, өзүнө келбей көз жумган.

Геннадий Павлюк. Сүрөт: Vlast.kz

Павлюктун жакындары жана үзөңгүлөштөрү анын өлүмүн кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштырышкан. Алар журналистти саясий мотив менен өлтүрүшкөнүн айтышкан.

2010-жылы саясатчылар Өмүрбек Текебаев жана Алмазбек Атамбаев Павлюктун өлүмүнүн аркасында Кыргызстандын атайын кызматы турарын ачык эле айтышкан.

«Бакиев [Курманбек] башкарган жылдары, айрыкча акыркы жылдары, кээ бир күч түзүмдөрү жарым криминалдык болуп калган. Ал тургай, ыңгайсыздардын көзүн тазалап, күл колдонуп коркуткан бакандай бөлүмдөр түзүлгөн. Биз журналист Павлюк Алматы шаарында биздин атайын кызматтын ушул сыяктуу криминалдык бөлүмү тарабынан өлтүрүлгөнүн билебиз», — деп билдирген Атамбаев 2010-жылы июнда.

Ошол эле 2010-жылы Алдаяр Исманкуловду Казакстандын укук коргоо органдары журналист Геннадий Павлюктун өлүмүнө айыптап кармаган.

2011-жылы Алматынын райондор аралык соту журналисттин өлүмүнө байланыштуу Исманкуловду жана Казакстандын эки жаранын соттогон.

Алдаяр Исманкулов журналистти уурдоо жана өлтүрүүнү уюштурган деп табылып, күчөтүлгөн тартиптеги колонияга 17 жылга эркинен ажыратылган. Казакстандыктар 10 жана 11 жылга эркинен ажыратылган.