Ош шаарында маршрутканын жол акысы күндүз 15, кечкисин 20 сом болду

Иллюстративдик сүрөт

Ош шаарында маршрутканын жол акысы күндүз 15 сом, кечки жетиден тогузга чейин 20 сом болду. Жаңы тарифтер 1-декабрдан тарта күчүнө кирет.

Мындай чечим 25-ноябрда шаардык кеңештин жыйынында кабыл алынды.

Мектеп окуучулары үчүн жол кире өзгөргөн жок. Алар мурдагыдай эле автобус жана троллейбуска 3 сом, маршруткага 5 сом төлөшөт.

Ош мэриясынан билдиришкендей, жол акысын жогорулатууга күйүүчү майдын жана унаа тетиктеринин кымбаттаганы себеп болгон. Кымбатчылыктан улам көпчүлүк айдоочулар линияга чыгуудан баш тарта баштаган.

Шаардык кеңештин депутаттары жол акы көтөрүлсө кичи автобустардын техникалык абалын жакшыртуу, каттамын көбөйтүү, кечки убакытта да каттоосун камсыз кылуу керектигин белгилешти.

Муниципалдык транспорттун тарифи дээрлик өзгөргөн жок. Троллейбуста электрондук билети барлар үчүн жол кире 6дан 8 сомго жогорулады. Билети жоктор мурдагыдай эле 10 сом төлөйт. Ошондой эле, автобустардын тарифи кымбаттаган жок, электрондук билети барларга 8, жоктор үчүн 10 сом бойдон калды.

Айдоочулардын нааразычылыгы

Ноябрь айынын башында Оштогу маршруттук каттамдардын 20 чакты айдоочусу жол акысын 15 сомго көтөрүүнү талап кылып мэриянын алдына нааразылык акцияга чыгышкан.

Алар жол акысы 2012-жылдан бери көтөрүлбөгөнүн белгилеп, солярка менен унаа тетиктери кымбаттап кеткендиктен иштен пайда көрбөй жатканын айтып даттанышкан.

Мындан сырткары, айдоочулар шаарда аялдамалар аз экенин айтып, кошумча аялдама куруп берүүнү талап кылышкан.

Анда айдоочулар менен Ош мэриясынын шаардык чарба жана транспорт бөлүмүнүн башчысы Урали Раманов жолуккан. Ал нааразычылыкка чыккандардын талабы туура экенин айтып, 15-ноябрда шаардык кеңештин сессиясында караларын убадалаган болчу.

Бишкектеги жол акынын көтөрүлүшү

1-ноябрдан тарта Бишкек шаарында маршруттук каттамдардын жол акысы 15 сомго көтөрүлдү. Шаардык кеңештин депутаттары мындай чечимди 10 жылдан бери жол киренин тарифи өзгөртүлбөгөнү менен негиздешкен — бул аралыкта күйүүчү майдын, авто тетиктердин жана азык-түлүктүн баасы кымбаттаган.

Мындан сырткары айдоочулар да тарифтерди жогорулатуу маселесин бир нече жолу көтөрүп, иш таштоого чейин барышкан.

Кичи автобустун айдоочуларынын акыркы иш таштоосу 2021-жылдын июнь айында болуп беш күнгө созулган. Анда алар жол акысы «сентябрга чейин тариф көтөрүлбөсө реванш алышарын» айтышкан.

Натыйжада, алардын айрымдары маршрутка айдоодон «киреше түшпөйт» деп тек гана каттамга чыкпай койгон.