Ошто маршрутканын айдоочулары жол акысын 15 сомго көтөрүүнү талап кылууда

Ош шаарындагы маршруттук каттамдардын 20дай айдоочусу жол акысын 15 сомго көтөрүүнү талап кылып 4-ноябрда акцияга чыкты. Алар жол кире менен кошо аялдамаларды да көбөйтүп берүүнү талап кылышууда.

Акцияга катышкан айдоочулардын бири жол акысы 2012-жылдан бери көтөрүлбөгөнүн белгилеп, бул аралыкта баалар өскөнүн айтты. Дагы бир айдоочу Сталбек Бакиров солярка менен унаа тетиктери кымбаттап кеткендиктен иштен пайда көрбөй жатышканын айтты.

«Бизге деле каражат жетишпей жатканы үчүн акцияга чыгып жатабыз да. Солярка 30 сом болгондо, тетиктер арзан болгондо биз деле 10 сомго каттай бермекпиз. Солярканын баасы күнүнө өсүп жатат. Өзүңөр көрүп жатасыңар, акыйкаттуулук болушу керек да. Беш сом эмне деген акча?» — деп суроо салды ал.

Мындан сырткары айдоочулар шаарда аялдамалар аз экенин айтышып, кошумча аялдама куруп берүүнү талап кылышты.

Айдоочулар менен Ош мэриясынын шаардык чарба жана транспорт бөлүмүнүн башчысы Урали Раманов жолукту. Ал нааразычылыкка чыккандардын талабы туура экенин айтып, 15-ноябрда шаардык кеңештин сессиясында каралаарын билдирди.

«Маселени жыл башынан бери эле көтөрүп келебиз. Күйүүчү май жана тетиктерге баалар эки эседен көп өсүп кетти. Айдоочуларга да рахмат айтышыбыз керек, түшүнүү менен мамиле кылып ушул убакка чейин келе жатышат», — деди ал.

Айдоочулар эгер маселе каралып, 20-ноябрга чейин жол акысы көтөрүлбөсө иш таштоого мажбур болушаарын эскертишти.

Буга чейин шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин директорунун орун басары Акболуш Тиленбаев жол акыны көтөрүү сунушталып жатканын билдирген.

1-ноябрдан тарта Бишкек шаарында маршруттук каттамдардын жол акысы 15 сомго көтөрүлдү. Шаардык кеңештин депутаттары мындай чечимди 10 жылдан бери жол киренин тарифи өзгөртүлбөгөнү менен негиздешкен — бул аралыкта күйүүчү майдын, авто тетиктердин жана азык-түлүктүн баасы кымбаттаган.

Мындан сырткары айдоочулар да тарифтерди жогорулатуу маселесин бир нече жолу көтөрүп, иш таштоого чейин барышкан.

Кичи автобустун айдоочуларынын акыркы иш таштоосу 2021-жылдын июнь айында болуп беш күнгө созулган. Анда алар жол акысы «сентябрга чейин тариф көтөрүлбөсө реванш алышарын» айтышкан.

Натыйжада, алардын айрымдары маршрутка айдоодон «киреше түшпөйт» деп тек гана каттамга чыкпай койгон.