КТРКнын дебатына Мадумаров келген жок, Султанбековго катышууга уруксат берилбеди

Адахан Мадумаров жана Темирлан Султанбеков. Архивдик сүрөттөр

КТРКнын дебатына «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров келген жок. Ал эми «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбековго дебатка катышууга уруксат берилбеди.

Алып баруучу Алмаз Касымалиев Мадумаров Орусиянын Москва шаарында экендигин белгилеп, партиянын башка мүчөлөрүнүн дебатка катышканга мүмкүнчүлүгү болбой калганын айтты.

Ал эми «Социал-демократтар» партиясынын талапкери Айчүрөк Камаева дебатка Султанбековдун ордуна келгенин өкүнүч менен баса билдирди.

«Саналуу мүнөттөр калганда Темирлан Султанбеков катыша албай турганын билдиришти. Чындыгында бул өтө өкүнүчтүү. Бүгүнкү күндө [бийлик] жумушсуздук, энергокризис жана баалардын кымбатташы менен күрөшүүнүн ордуна жаш саясатчылар менен күрөшүп жаткандыгы мени өкүндүрөт», — деди Камаева.

Ал эми Касымалиев буга чейин Темирлан Султанбеков талапкерлердин тегерек столуна катышканын эске салып, КТРК дебатты укуктук талаада гана өткөргүсү келерин айтты.

Анткени Султанбеков талапкер катары катталган эмес. Анын жаш курагы Жогорку Кеңешке барууга жете элек. Шайлоо мыйзамдарында дебаттарга бир гана катталган талапкерлер катыша алары жазылган.

«КТРК ашыкча мыйзамды бузуп, өзүнө айып пул салдырып же башка жащаны алгысы келбейт. Ошондуктан укуктук талаада өткөрөлү деген негизде [БШКга] кайрылганбыз. Бизге жооп келди, бул жолу БШК Темирлан мырза сиздердин лидер катары дебаттарга келе албастыгын белгиледи», — деди ал.

26-ноябрда өтүп жаткан дебатка «Мекенчил Эл» партиясынан Ахунбай Кошоев, «Багыт» партиясынан Самаган Асанов, «Легалайз» партиясынан Элдар Мадылбеков, «Социал-демократтар» партиясынан Айчүрөк Камаева катышып жатат. Бул парламенттик шайлоонун алдындагы акыркы дебат.

Авторлору: Элвира Султанмурат кызы, Айбике Адилет кызы