Садыр Жапаров: Өлкөдө азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу деңгээли критикалык абалда турат

Материал 27-ноябрда, саат 13:40та жаңыртылды

Президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынында Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуучу боюнча түзүлүп жаткан кырдаал олуттуу кооптонууну жаратууда деди.

Жапаров буга кургакчылык жана түшүмдүн аздыгы, агро өнөр жай саясатын натыйжасыз башкаруу себеп болгонун белгиледи.

«Тилекке каршы, статистикалык маалыматтар көрсөтүп тургандай учурда Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу деңгээли критикалык абалда турат. Биздин өлкө импортко көз каранды болуу абалына туш болдук. Суунун аз болуусу, мелиорациядагы көйгөйлөр, кургакчылык айыл-чарба өндүрүүсүнүн түшүмүнө терс таасирин тийгизүүдө», — деди ал.

Буга чейин Улуттук статистикалык комитет үстүбүздөгү жылы буудайдын түшүмү 42%га, арпаныкы – 49%га жана буурчактыкы –18%га аз болгонун билдирген.

Президенттин айтымында, мамлекеттик резервдеги материалдык байлыктар калктын 90 күндүк муктаждыгын жабууга тийиш. Бирок өлкөдө азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу деңгээли критикалык абалда жеткенин белгиледи.

«Өздүк өндүрүштүн эсебинен нан азыктары, эт, кумшекер жана жумуртка сыяктуу продуктулар менен болгону 40%га, өсүмдүк май менен болгону 24%га гана камсыз кыла алабыз», — деди президент.

Жапаров өлкө импортко көз каранды болуп, азык-түлүктүн кымбаттап жатканына нааразы болду. Ал өлкө ички керектөөнүн 80 пайызын өзү камсыздашы керек деп эсептейт.

Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров Мамлекеттик материалдык резерв фондунун кампаларында 105,9 тонна буудай, 4 150 тонна ун, 1,1 млн литр өсүмдүк майы, 3 980 тонна кумшекер бар экенин маалымдады.