«Шайлоону таза өткөрүүгө күчү да, акылы да жетет экен». Жапаров Шайлдабекованы мактады

Коопсуздук кеңештин жыйынында президент Садыр Жапаров менен БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова алдыдагы парламенттик шайлоого даярдыкты талкуулашты. Жапаров Борбордук шайлоо комиссиясынан мыйзамдарды сактоону, бардык бузууларды эсепке алууну жана тийиштүү органдар менен күнөөлүлөрдү жоопкерчиликке тартууну талап кылды.

«Ар кандай провокацияга барган жарандар да чыгып калышы мүмкүн, андайлар жок эмес. Мисалы, бирөө бюллетень салып коём деп байкоочуларга кармалып калса, УШК төрагасы, ИИМдин өкүлү барып туруп, ачык көргөзгүлө, жашырчу эч нерсе жок», — деди ал.

Анын пикиринде, мындай чаралар эл ишенимин актоого жардам берет.

«Бардык маселе мыйзамдын негизинде каралсын. Мыйзамдуу болсо элдин алдында жүзүңүз жарык болот жана алар силерге ишенет», — деди Жапаров.

Ошол эле кезде Жапаров БШКнын төрайымынын адилеттүүлүгүнө көзү жеткенин белгиледи. Ал Шайлдабекованы дайыма мыйзам чегинде иштегенин жана өз ишинде тажрыйбасы чоң деп алкады.

«Былтыркы октябрь окуяларынан кийин Нуржан Кармабекова БШКнын төрайымы болчу. Айрым эл Шайлдабекова кетсин деп жазып жатышат. Ачык айтайын, мен дагы мурун барын ушул аял кылып жатат деп жаман көрчүмүн. Барын БШК эле кылып жатат дечүмүн. Былтыр октябрь окуяларынан кийин президенттик шайлоону дайындабай туруңуз деп сурандык. Тарыхтын эски барагын жаап, жаңы барагы менен келели деп сурандык. Бирок болбой эле президенттик шайлоону үч айдан кийинкиге коюп салды. Айла жок шайлоого бардык.

«Ошондон улам шайлоого аралашып отуруп мен түшүндүм. Демек, маселе Нуржан Кармабековада эмес экен. Кептин баары төбөсүнөн басып отуруп алып, муну мындай кыласың, тигиндей кыласың десе көз каранды болуп айла жок жасайт экен. Кыргызда жакшы сөз бар “балык башынан сасыйт” деген. Ошондуктан, биз башындагылар сасыбасак, этеги жакшы эле болот экен. Ошондон кийин мен жаман көрсөм дагы кайра алып келип койдум. Анткени мыйзамдуулукту туу тутуп, шайлоону таза өткөрүүгө күчү да, акылы да жетет экен», — деди президент.

Жыйынтыгында президент Шайлдабекова сыяктуу кадрлар менен «жаман көрөбүзбү жакшы көрөбүздү, иштешишибиз керек» деп кошумчалады.

«Мындан ары дагы таза иштешиңер керек, эч кимди укпашыңар керек», — деди президент Шайлдабековага кайрылып.

Нуржан Шайлдабекова БШКны 2016-жылдан бери жетектейт. Бул аралыкта ал үч президент менен иштешти — Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков жана учурдагы өлкө башчысы Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров кол койгон «Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо коммисиясы жөнүндө» жаңы конституциялык мыйзамга ылайык, БШКнын курамына талапкерлердин 50%ын мамлекет башчысы сунуштайт.

Парламенттик шайлоо

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген. Жаңы мыйзамга ылайык, парламенттин жаңы чакырылышына 90 депутат келет. Эл өкүлдөрү 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Парламенттик шайлоо аралаш система менен өтөт. 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округдан өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлерден шайланат.

Парламенттик шайлоого 21 партия катышат, ал эми бир мандаттуу округдардан 300гө жакын талапкер катталган.