«Көмүр рыногундагы кымгууттук». Президент Жапаров министр Бекмурзаевге сөгүш берди

26-ноябрдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Садыр Жапаров энергетика министри Доскул Бекмурзаевге сөгүш жарыялады.

Жапаров Бекмурзаев көмүр сатууда кымгууттукка жана кызыл кулактыкка жол бергенин билдирди.

«Качан гана өзүм киришмейин көмүрдүн баасы түшкөн жок. Сиздин кол алдыңызда иштегендер саботажга жана коррупцияга жол беришти», — деди президент.

Кыргызстан кептелген энерго кризистин айынан, энергетиктер элди электр энергиясын үнөмдөп, мүмкүн болушунча үйлөрдү көмүр же газ сыяктуу жылытуунун альтернативдүү булактары менен жылытууга чакырган.

Табият газына караганда көмүр жаккан арзанырак түшөт, ошол себептен көпчүлүк үйлөрүн көмүр менен жылышат. Бирок минкаб үстүбүздөгү жылдын 12-октябрында көмүрдүн баасына мамлекеттик көзөмөл киргизгенине карабай, көмүрдүн наркы жогорулады жана дагы деле өсүп жатат.

Абалды аз да болсо жеңилдетүү үчүн Садыр Жапаров Бишкектеги көмүр сатуучу бир катар пунктарга көмүрдүн бир тоннасы 3 миң сом деген бааны орнотууну тапшырган.

Ошондо сатуу түйүндөрүндө көмүр сатып алууну каалаган 600дөн ашык киши чогулган. Көмүр ала тургандар алдын ала жазылып, кезекке турган. Бирок бир үй-бүлөгө 2 тоннадан ашык сатылбайт деген чектөө коюлган. «Кыргызкөмүрдөн» чектөө алып сатарлардын кызыл кулактыгын алдын алуу үчүн коюлганын түшүндүрүшкөн.

Арзан көмүрдү бат эле талап кетишкен, ошондуктан «Кыргызкөмүр» 24-ноябрда борборго сатуу үчүн дагы 707 тонна көмүр келерин айтышкан. Мамлекеттик мекемеден 200-300 тонна тез арада сатылып кеткен абал кайталанбашы үчүн, көмүрдү топтой турганын кошумчалашкан.