Улуттук статком: Баткен менен Ноокатта көмүрдүн тоннасы 10 миң сомдон сатылып жатат

Кыргызстанда октябрдан тартып көмүрдүн чекене баасы дагы 10%га кымбаттады. Бул тууралуу 19-ноябрда Улуттук статистикалык комитет кабарлады.

Анын маалыматы боюнча, 18-ноябрга карата бир тонна көмүрдүн орточо баасы 5 706 сомду түзөт.

Өлкө боюнча көмүрдүн баасы

Төмөнкү аймактарда көмүр эң эле кымбат сатылууда:

  • Ноокат — 10 040 сом;
  • Баткен — 9 719 сом;
  • Исфанада — 9 091 сом.

Эң эле төмөн баа Чаек айылында 2 500 сом, Балыкчыда 4 050 сом, Нарын жана Кара-Балта шаарларында 4 500 сомдон катталды.

Бишкекте көмүрдүн бир тоннасы — 5 039 сом.

Тема боюнча:

Бишкекте президенттин тапшырмасы менен көмүрдүн тоннасы 3 миң сомдон сатылып жатат

Бишкек: 3000 сомдон көмүр сатылып жаткан базада 600дөн ашык адам кезекте турат

Президент: Бекмурзаевди «куурдак» кылып жесеңер дагы энергосистема кризистен чыкпайт