Электр энергиясын керектөө өскөнүн эске алганда, 2022-жылдын 1-апрелине чейин «Токтогул» суу сактагычындагы суунун көлөмү 7 млрд метр кубга чейин азаят. Бул тууралуу 26-ноябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында энергетика министри Доскул Бекмурзав билдирди.
Суу сактагычка жалпы 19,5 млрд метр куб суу батат, ал эми эң аз дегенде 5 млрд метр куб болушу керек. Мындай минималдуу көлөм «өлүк деңгээл» болуп эсептелет. Мындай болгон учурда Токтогул ГЭСи — өлкөдөгү электр энергиясынын негизги булагы — иштен чыгат.
«Жөнөкөй жылдары күз-кыш мезгилинде 6-7 млрд метр куб суу керектелет. Мунун негизинде, апрель айында турбинанын өлүк деңгээлине чыгуу тобокелдиги бар», — деген октябрда минкабдын төрагасынын орун басары Азиз Аалиев.
«Электр станциялары» ААКтын маалыматына ылайык, 26-ноябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11, 17 млрд метр кубду түзөт.
Электр энергиясын импорттоо
Бекмурзаев Коопсуздук кеңешинин жыйынында «Токтогул» суу сактагычындагы сууну үнөмдөө максатында Кыргызстан электр энергиясын кошуна өлкөлөрдөн импорттоп жатканын айтты. Ал Кыргызстан Түркмөнстандан 50о млн кВт/с электр энергиясын импорттоону макулдашып, бүгүнкү күндө анын 309 млн кВт/с алынганын эске салды.
Ошондой эле, товар алмашуу жолу менен Кыргызстан Казакстандан 900 млн кВт/с жана Өзбекстандан 750 млн кВт/с электр энергиясын алышы керек. Ал эми акысына Кыргызстан 2023-жылга жай мезгилинде аларга суу агызууга милдеттүү.
Бекмурзаев 1-октябрга карата өлкөнүн энергетика тармагынын жалпы карызы 135,4 млрд сомго жеткенин маалымдады. Анын айтымында, 2020-жылдын 1-январында жалпы карыз 106,1 млрд сом болгон.
Чиновник карыздын өсүшүн акыркы жылдары чет элдик валютанын жогорулаганы менен түшүндүрдү.
«Кредитти төлөөнүн туу чокусу 2023-2030-жылдарга туура келет. [Бул жылдары] төлөмдөрдүн максималдуу суммасы 14 млрд сомдон [жыл сайын] ашат. Бул карыздарды төлөө үчүн энергокомпаниялары чыгымдарын эки эсе кыскартышы керек », — деп белгиледи Бекмурзаев.
Кыргызстандагы энергетикалык кризис
Кыргызстандын энергетикалык тармагы 2021-жылы эң эле масштабдуу энергетикалык кризиске учурады. Мунун негизги себеби катары бийлик аймактагы суунун тартышыгын атады. Мындан улам «Токтогул» суу сактагычында суу тартыш болууда.
Ошондуктан энергетиктер элди электр энергиясын үнөмдөп, мүмкүн болушунча үйлөрдү көмүр же газ сыяктуу жылытуунун альтернативдүү булактары менен жылытууга чакырган. Бирок көмүр учурда былтыркы жылдан кымбатыраак.
Бийликтегилер жарык үзгүлтүксүз берилет деп жарыялаганы менен, ар кандай чектөөлөрдү киргизген.
Мисалы, 7-ноябрда «Түндүк электрдин» маалымат кызматы, компания абоненттеринин эсептегичтерине электр энергиясын колдонуу кубаттуулугуна чектөө киргизгенин билдирген.
Бир фазалуу абоненттер үчүн 5 киловатт, үч фазалуу абоненттерге 10 киловаттык чек киргизилген.
Компаниядан чектөө «суу-энергетикалык ресурстарды сарамжал пайдалануу жана керектөөнүн белгиленген чегин сактоо максатында» киргизилгенин түшүндүрүшкөн.
Мындан сырткары, абоненттер арасында рейддер жүрүп жатат. Анын негизинде «Ош электр» ишканасы Баткен облусунда электр энергиясын колдонууну үнөмдөө үчүн жылыткычтарды пломбалаган.
Ошондой эле, 22-ноябрда Оштун бир канча райондорунда электр энергиясынын жардамы менен жылытуу күнүнө эки саатка өчүрүлүп турары белгилүү болгон.
«Ош электрден» «Токтогул» суу сактагычындагы суунун көлөмү төмөндөгөнүнө байланыштуу ушундай чара көрүүгө мажбур болгонун белгилешкен.
«Электр энергиясын колдонууну азайтуу үчүн, биз жылытууну эки саатка өчүрөбүз. Бул жылытуучу батареялар эртең менен бир саат, кечинде бир саатка өчөт дегенди билдирет. Ошол эле учурда, электр жарыгы өчпөйт», — деп түшүндүрүштү «Жылуулук камсыздоо» ишканасынан.