Ош, Баткен облустарында электр энергиясын үнөмдөө боюнча рейддер жүрүүдө

«Ош электр» ишканасы Ош, Баткен облустарында жана Ош шаарында электр энергиясын үнөмдөө боюнча рейд жүргүзүп жатат. Бирок социалдык тармактын колдонуучулары буга нааразы болушууда.

Ишкананын басма сөз катчысы Нурильич Токонбаевдин айтымында, рейд учурунда электрди ченемден ашыкча пайдаланган абоненттерге эскертүү берилип, приборлорго пломба басылууда.

Токонбаев мындай абоненттерге «жылытуу системасы жакшы иштесе да кошумча жылыткыч жаккан көп кабаттуу үйдүн тургундары, көмүр жагууга мүмкүнчүлүгү бар болуп электрдик жылытуу системасын колдонгондор» кирерин белгилейт.

Ал эми көмүр жагууга мүмкүнчүлүгү болбогон же жылытуу системасына туташпаган көп кабаттуу үйдүн жашоочуларына «түшүнүү менен мамиле жасалып жатат» дейт басма сөз катчы.

Соцтармактагы нааразычылык

17-ноябрда соцтармактарда Кадамжай районунда электр жылыткычтарга пломба басылганы кызуу талкуу жаратты. Фейсбук колдонуучулары өлкөдө мындай көрүнүш болгон эместигин белгилешип, бийликтин аракетин сынга алышты.

«Ош электрдин» басма сөз катчысы Нурильич Токонбаев пломба «Кадамжай районундагы азык-түлүк магазиндеринде, салон, чайканалардагы жылыткычтарга басылган» деп ишендирди. Ал келишимде жылыткычты колдонуу көрсөтүлбөгөндүктөн «пломба коммерциялык объекттердин ээсинин макулдашуусу менен басылган» дейт.

«Жогорудагы аткарылып жаткан иштердин баары эл үчүн жана энергетика тармагынын келечеги үчүн жүргүзүлүп жаткандыгын керектөөчүлөр туура түшүнүү менен кабыл алуусун суранабыз!» — деди басма сөз катчы.

Ошондой эле Токонбаев электр энергиясын колдонуу келишимине ылайык, бир фазалуу бир абонент 5 киловатка чейин, үч фазалуу бир абонент 10 киловатка чейин гана колдоно аларын айтат.

Мындан улам ишкана колдонуучулардын эсептегичтерине белгиленген киловатка жеткенде өчүп кала турган автоматтарды орнотуп жатат. Мындай учурда качан гана ашыкча электрди талап кылган приборлорду өчүргөндө автоматты кайра жандырууга болот.

Өлкөдөгү энергетикалык кризис

Токтогул суу сактагычы

Кыргызстан узап бараткан жылы эң эле масштабдуу энергетикалык кризиске кабылды. Бийлик буга өлкөнү 40-50%га электр энергиясы менен камсыздаган Токтогул суу сактагычында суунун деңгээли төмөн болгонун жүйөө кылууда.

Ушул эле жүйөө менен «Ош электр» ишканасы ноябрь айынын башында абоненттерге электр энергиясын колдонууга 5 жана 10 киловаттык чектөө киргизген. Анда электрдик жылытуучу системасын колдонгондорго көмүр жагуу сунушталып, ашыкча жылыткычтарды өчүрүү талап кылынган.

Ушундай эле чектөөлөрдү 7-ноябрда «Түндүкэлектр» ишканасы киргизген.

Улуттук энергохолдингдин башчысы Таалайбек Байгазиев да 3-ноябрда жарандарды электр энергиясын үнөмдөөгө чакырган. Байгазиев «керектөө чектен ашкан учурда, агрегаттарга күч келип авариялык өчүүлөр болушу мүмкүн, бирок пландык өчүрүүлөр болбойт» деп ишендирген.

Анын айтымында, 3-ноябрга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 11,9 млрд кубметрди түзгөн.Бул 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 2,8 млрд кубометрге аз.

Байгазиев эгерде электр кубатын колдонууга болгон чектөө сакталса, 11,9 млрд кубометр күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүүгө жете турганын билдирген.

Ошондой эле бийлик жана энергетиктер кыргызстандыктарды «электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга», үйлөрдү мүмкүнчүлүккө жараша көмүр же газ сыяктуу альтернативдүү энергия булактары менен жытылууга үндөй баштаган.

Бирок өлкөдө көмүр да өткөн жылга караганда кымбат болуп жатат.

Үстүбүздөгү жылдын октябрына салыштырмалуу ноябрь айында көмүрдүн баасы орто эсеп менен 14,7 пайызга жогорулап, бир тонна көмүр 5 942,9 сомду түздү.

Көмүрдүн кымбаттыгынан улам министрлер кабинети 12-октябрда баага 90 күндүк мөөнөткө мамлекеттик жөнгө салуу киргизген.

Ошондой эле президент Садыр Жапаров 15-ноябрда Бишкектеги ЖЭБ-2нин айланасында пайда болгон жаңы конуштун тургундары менен жолугуп, борбордо көмүр арзандаган. Анын тапшырмасы менен калаада көмүрдүн тоннасын 3000 сомдон саткан эки кампа ачылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Түндүк электр» абоненттери үчүн электр энергиясына 5 киловаттык чектөө киргизди

Массалык өчүрүү болбойт, жаңы тарифтер 1-сентябрдан тартып күчүнө кирет — энергетика министрлиги