Алдын ала жыйынтык боюнча Нарын округунда Улан Бакасов алдыда

Парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча Нарын шайлоо округунан талапкер Улан Бакасов 53,37% добуш менен алдыда. 19 635 адам Бакасовго добуш берген.

Нарын шайлоо округунан 14 талапкер депутаттыкка ат салышкан. Алар Алмазбек Баатырбеков, Мелисбек Жунусов, Акылбек Сариев, Самат Аянкулов, Чыңгыз Капаров, Райымбек Абдылдаев жана Эсенбек Кылжыров бар.

Ал эми баарына каршы деп шайлоочулардын 4,44%ы добуш берген.

Нарын шайлоо округунда 104 720 шайлоочу катталган. Бирок шайлоого 36 732 киши катышкан.

БШК автоматтык эсептөөчү урналардын 97%ынын жыйынтыгын жарыяланды.

Улан Бакасов — жеке ишкер. Ал пандемия учурунда Нарын облустук ооруканасына 30 кычкылтек концентраторун жана 9 реанимобиль өткөрүп берип, элге гумжардам таратып жүргөнү менен таанымал.

Ал эми 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого бийликчил «Биримдик» партиясынын тизмесинде алтынчы орунда болгон.