Атамбаевдин тун уулу Сеидбек Атамбаев Аламүдүн округунан эң көп добуш алды

Сеидбек Атамбаев.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеидбек Атамбаев Чүй облусунун №25 Аламүдүн райондук округунан добуштардын дээрлик 26%ын алды.

БШКнын маалыматы боюнча, учурда автоматтык эсептөөчү урналардын 100%ы саналып бүттү. Атамбаевге 7 975 шайлоочу добуш берген.

Аталган округ боюнча 10 талапкер ат салышкан, алардын арасында алтынчы чакырылыштын депутаты Каныбек Иманалиев дагы бар. Ал эми баарына каршы шайлоочулардын дээрлик 18%ы добуш беришкен.

Сеидбек Атамбаев — «Автомаш» ЖЧКсынын директору. Өткөн жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого «Социал-демократтар» партиясын жетектеп барган.

Үстүбүздөгү жылдын июль айында өткөн жергиликтүү кеңешке шайлоодо «Социал-демократтар» Бишкек шаардык кеңешинде беш мандатка ээ болгон. Анда Алмазбек Атамбаевдин кенже уулу Кадыр Атамбаев да мандат алган болчу.

Автору: Нурайым Шамырканова.