БШК: Эгерде бир мандаттуу округда «баарына каршы» жеңсе — кайра шайлоо болот

БШКнын мүчөсү Кайрат Маматов kaktus.media басылмасына курган маегинде эгерде айрым бир жалгыз мандаттуу округда «баарына каршы» талапкер жеңсе, анда ошол округда кайра шайлоо болорун билдирди.

Анын айтымында, эки ай аралыгында кайрадан шайлоо өтүшү керек. Азыркы тапта, алдын ала санакка ылайык, Бишкектин Свредлов жана Биринчи Май округдары боюнча «баарына каршы» талапкер алдыда. Биринчи округда АСУдагы добуштардын 99%ы, ал эми экинчи округда — 100 пайызы саналып бүттү.