«Мээнеттин үзүрүн көрүш керек». Кара-Сууда үгүтчү участканын алдында жүрөт

Шайлоо участканын айланасына чогулган аялдардын тобу Кара-Суунун Падаван айылында дагы байкалды. Алардын бири өзүн «агитатормун» деп атады.

«Клооптун» журналисттери айылдагы №5228 участкасына барганда шайлоочулардын бири бейтааныш аялдар «акча таратып жатат» деп маалымат беришкен.

Шайлоо участогун айланчыктаган бейтааныш аял өзүн үгүтчү катары тааныштырып, тизмедеги шайлоочулардын канчасы келип-келбегенине байкоо жүргүзүп жатканын ачыктады.

«Махаляда жүрдүм. Ошол адамдар шайлап атабы же шайлабай жатабы деп күтүп жатам [...] Алар шайлап участоктон чыгыш керек да. Мээнетиңдин үзүрүн көрүш керекпи? [...] Кимди шайласа өзүнүн ыктыяры, мен жөн гана ким келди-келбеди билишим керек. Мен тизме түзгөм», — деди ал.

Андан соң журналист андан кайсы талапкерге үгүт жүргүзүп жатканын сурады. Аял жооп айтпастан, кетүүгө шашты.

«Махалям чыгыш керек. Сени ким жөнөтсө ошол өзү агитатор», — деди ал узап баратып.

«Клооптун» журналисттери шайлоо участогунун алдында турган бир нече аялдан да маек алууга аракеттенди. Бирок алар журналисттерди көргөндөн кийин туш-тарапка кете баштады. Аялдардын бири участоктун алдында «шериктерин күтүп турганын» айтса, экинчиси «чай ичкени кафеге келгенин» айтты.

Кыргызстанда 28-ноябрда Жогорку Кеңешке шайлоо өтүп жатат. Бул ирет шайлоо аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат. Партиянын талапкерлери «ачык тизме» менен шайланат. Жаңы Конституция боюнча депутаттардын саны 90го чейин азайды.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ошто участканын алдында белгисиз аялдар чай ичип отурушту