Ошто участканын алдында белгисиз аялдар чай ичип отурушту

«Клооптун» журналисти Айбийке Адилет кызы Ош шаарындагы №5324 шайлоо участкасынын алдында бейтааныш аялдар чай ичип олтурганына күбө болду. Кабарчы бейтааныш аялдар үгүтчүлөр болушу мүмкүн деген пикирде. Анткени алар журналисттерди көргөндө эле качып жөнөшкөн.

Шайлоо участкасы жайгашкан лицейдин кароолчусу аялдар көптөн бери чай ичип олтурушканын айтты. Аялдар камераны көргөндө кабарчынын суроолорун жоопсуз калтырып, өздөрү туш-тарапка тарап кетти.

Аялдардын бул аракети шектенүүнү жаратат. Кызыгы укук коргоо органдары аялдардын чай ичип отурганына көңүл бурган эмес.

Бейтааныш аялдардын буюмдары. Сүрөт: Айбийке Адилет кызы / «Клооп»

Ош шаарынын участкаларында бейтааныш аялдар ар шайлоодо эле топтолот. Үстүбүздөгү жылдын 11-апрелде өткөн шайлоодо аялдардын бири Оштогу №5304 участкасынын алдында «Клооптун» кабарчыларына кол салган.

Журналисттер участоктун жанында отурган бейтааныш аялдардан интервью алууга аракет жасаганда, аялдардын бири буга каршы болуп съемка жүргүзүлүп жаткан телефонду тартып алган. Мындан тышкары бейтааныш аял «органда иштеген тааныштары менен коркуткан».

Бүгүн, 28-ноябрда өлкө боюнча 2 435 шайлоо участкасында парламенттик шайлоо өтүп жатат. Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы 90 депутаттан турат. Депутаттар 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Парламенттик шайлоо аралаш шайлоо системасы аркылуу өтөт. 54 депутат бирдиктүү шайлоо округунан, пропорционалдуу шайлоо системасы аркылуу шайланышса, ал эми 36 элдик депутат мажоритардык система аркылуу бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайланат.

Шайлоого 21 партиядан 1 002 адам, ал эми бир мандаттуу округдардан 282 киши талапкер болду.

Тема боюнча:

«Мен да органда иштейм». Ошто «Клооптун» кызматкерлерине кол салуу болду

Ош: «Клооп» кол салуу иши боюнча милициянын үстүнөн прокуратурага даттанат

Шайлоо 2021. Бюллетендер кандай болот жана кантип добуш берүү керек?