Ош: №5271 участогунда АСУ бузулгандыктан бюллетендер алынып кайра салынды

Ош шаарындагы №5271 участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү автоматташтырылган эсептөөчү урнанын (АСУ) ичиндеги бюллетендерди алып, кайрадан салышты. Буга АСУ берген баштапкы чекте «Бүтүн Кыргызстан», «Багыт» жана «Эл үмүтү» партиялары чийилип калганы себеп болгон.

Социалдык тармактарга тараган тасманын автору Кубанычбек Жусанов мыйзам боюнча УШКнын мүчөлөрү шайлоочулардын бюллетенин кармоого жана АСУга салууга укуксуз деген пикирде.

Ал эми №5271 УШКсынын төрайымынын айтымында, АСУ берген чекте үч партия чийилип чыккан. Мындан улам «Бүтүн Кыргызстан», «Багыт» жана «Эл үмүтү» партияларына берилген добуштар эсептелинбей калган. Техникалык камсыздоо кызматкери урнаны оңдогондон кийин бюллетендер АСУдан чыгарылып кайра салынган.

Ошондой эле участкалык комиссиянын төрайымы бул маселе боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылганын, алар көйгөйдү ушундай ыкма менен чечүүгө сунуш бергенин белгиледи.

Ош аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Бакыт Алматов буга чейин партиялар техникалык мүчүлүштүктөн улам чийилип чыкканын билдирген. Ал эми Жусановдун постуна БШКнын мүчөсү Кайрат Маматов комментарий калтырып, бул факты териштириле турганын айтты.

Кыргызстанда 28-ноябрда Жогорку Кеңешке шайлоо өтүп жатат. Бул ирет шайлоо аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат. Партиянын талапкерлери «ачык тизме» менен шайланат. Жаңы Конституция боюнча депутаттардын саны 90го чейин азайды.

Тема боюнча: Ош: №5271 участкасында АСУдан берилген чектен эки партия чийилип чыкты