Баткен округу: Матраимов менен кошо соттолгон Нурлан Ражабалиев алдыда

Нурлан Ражабалиев

Парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча Баткен шайлоо округунан эң көп добушту талапкер Нурлан Ражабалиев алды. Аны шайлоочулардын 18,5%ы колдогон.

Ражабалиевге 6 556, Чынтемир Аширалиевге 6 310, Бегали Төлөмүшовго 5 081 киши добуштарын беришти. Жалпысынан Баткен округу боюнча 10 адам талапкерлигин көрсөткөн.

Нурлан Ражабалиев Кыргызстандын футбол боюнча курама командасында ойногон. Ал 2009-жылы бажы кызматына ишке орношуп, 2017-жылы мекеменин төрага орун басарлыгына жеткен. Ошол кезде Ражабалиев Райымбек Матраимовдун ордуна дайындалган.

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Биринчи май райондук соту бажыдагы коррупция боюнча иликтөөлөрдүн фигуранты Райымбек Матраимовду жана Нурлан Ражабалиев менен Абдыбахаб Боронбаевди «Коррупция» боюнча күнөөлүү деп таап, алардын ар бирине 260 миң сомдон айып пул салган.

Мындай чечим экс-бажычылар мамлекетке келтирген зыянды толтуруп, тергөө менен кызматташууга барганы үчүн кабыл алынган.

Ражабалиевден сырткары шайлоого талапкерлигин «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан Боронбаев да койгон.