Садыр Жапаров: Шайлоого бийлик өкүлдөрү кыпындай да аралашкан жок

Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров шайлоо участоктору жабылгандан кийин шайлоо өнөктүгү «калыс, адилет, ачык-айкын, таза жана тынч өттү» деп билдирди.

Анын айтымында, «бул жолку шайлоого бийлик өкүлдөрү кыпындай да аралашкан жок, аралашып баштагандар дароо кызматтан алынды».

«Өзүңүздөр билгендей, өлкөбүздүн эгемендигинин 30 жылдык тарыхында болуп өткөн революциялардын баарына бийликтин шайлоо процессине кийлигишүүсү, кайсы-бир партияларды күчтөп сүрөөнгө алышы себеп болуп келген. Биз, мурдагы жагымсыз окуялардан сабак алганбыз», — деп билдирдиал.

Ал бийлик тараптан бардык партияларга жана талапкерлерге бирдей шарттар түзүлдү деп эсептейт.

«Бирөөнө дагы жан тартууга, административдик ресурс колдонууга жол берилген жок. Ошондуктан, шайлоо өнөктүгүн баштан аяк мыйзамдын чегинде, ачык-айрымдуулуктун шартында жүргүзүүнү камсыз кыла алдык», — деди ал.

Жапаров өлкөнүн бардык саясий күчтөрүнө кайрылып, шайлоонун жыйынтыктарын таанууга чакырды.

«Шайлоонун жыйынтыктарын таанып, элдин эркине баш ийүү - мыйзамдын жана демократиянын талабы. Демократиялык өнүгүү жолун тандаган Кыргызстанга эң биринчи кезекте тынчтык жана туруктуулук керек!» — деп билдирди ал.

Президент бийлик «таза жана калыс» иштейт деп ишендирди.

«Кимде ким негиз жок эле тынчтыкты, туруктуулукту бузам деген аракети болсо, андай жарандарга катуу чаралар көрүлөт», —деди ал.

Анын айтымында, президент жана минкаб шайланган партиялар жана талапкерлер менен өлкө «кызыкчылыгы үчүн эриш-аркак» иштешүүгө даяр.

«Жаңы шайланган Жогорку Кеңештин кароосуна бир катар мыйзам долбоорлору биринчи сессиянын биринчи эле күнүндө киргизилет», — деди ал.

Ал өлкөбүздө алдыдагы 5 жыл ичинде «ири саясий өнөктүктөр болбой турганын», ошондуктан экономиканы көтөрүп, элдин жашоосун оңдоо керек деп кошумчалады.

Бийликтин тандеми жана коркутуулар

28-ноябрдагы шайлоонун алдын ала жыйынтыктары белгилүү болуп калган учурда оппозиялык «Бүтүн Кыргызстан», «Ата Мекен» партияларынын лидерлери Өмүрбек Текебаев жана Адахан Мадумаров бийликти сынга алды.

Алардын кайрылуусу бийликтин эки тандеми — президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге даректелди.

Текебаев шайлоо участогунда добуш берүүдөн кийин бийлик аны менен макул эмес талапкерлерди коркутуп жатканын билдирди.

Мадумаров болсо, Жапаров шайлоого «ашкере аралашканын» билдирди.

«Шайлоо дайыма эле атаандаштыкта өтөт. Бирок атаандаштык кандай болот, канчалык баскычта, деңгээлде, канчалык маданияттуу болот ал башка маселе. [...] Админресурс болуп келди, болуп жатат. Башта мамлекет жетекчиси түздөн-түз катышпай, башкача бир ыкмалар менен болгон болсо, мунусунда ашкере эле катышып алды», — деди ал.

Анын айтымында, УКМК «бир эле учурда өкмөттүн да, президенттин да басма сөз кызматы болуп алган», ошондой эле БШКнын ыйгарым укуктарын дагы айрым учурда тартып алат.

Добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары жарыялангандан кийин Текебаев шайлоонун жыйынтыктарына күмөн санарын, себеби дегенде ал мыйзам бузуулар менен өтүп, ал эми БШКнын сайтында мүчүлүштүк болду деп билдирди.

Мадумаров да добуш берүүнүн жыйынтыгынан күмөн санайт. Ал жаңы эле түзүлгөн партиялар кантип көп добуш алганына таң калды.

Президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы – 2020-жылдагы парламенттик шайлоодон кийин чыккан нааразычылык акцияларынын толкуну менен бийликке келген жакын достор.

Бийликчил топтор өлкөдө бийликтин партиясы жок дегени менен эң аз дегенде үч саясий бирикменин Жапаров жана Ташиев менен байланышы бар.

«Ата-Журт Кыргызстан» жакында эле түзүлгөн жана аны Ташиев менен байланыштырышат. УКМКнын төрагасынын уулу Жалал-Абад шаардык кеңешине ушул партиядан келип, кайра мандатын тапшырып кеткен. Партияны мекенчилдин мурдагы мүчөсү жана Ташиевдин айылдашы Айбек Маткеримов жетектейт. «Азаттык» партиясынын талапкерлеринин бири «Ата-Журт Кыргызстанды» Ташиевдин партиясы деп кабарлаган. Маткеримов өзү партиянын УКМК төрагасы менен байланышын четке каккан.

Алдын ала маалыматтар боюнча, бул партия парламенттик шайлоодо алдыга чыкты.