Шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча Бишкек, Чүй облусу жана Ош алдыда

Материал 1-декабрда жаңыртылды

28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо «Клооптун» байкоочулары өлкө боюнча шайлоо участкаларынан 500дөй бузууну аныкташты. Алардын 40%ы — шайлоонун купуялуугун бузуу, төрттөн бир бөлүгү — АСУнун ишиндеги мүчүлүштүктөр. Өлкө боюнча 34 мыйзамсыз үгүт учуру катталды, алардын арасында шайлоочуларды сатып алуу да бар болушу мүмкүн.

Шайлоо күнү «Клооптун» 1400 көз карандысыз байкоочусу өлкө боюнча шайлоого көз салган. Шайлоонун жыйынтыгы чыгарда алар 489 мыйзам бузууну аныкташкан. Анын 40%дан ашууну — шайлоонун купуялуулугун бузуу, бул урнанын жанында бейтааныш адам же УШК өкүлү турган учурлар. Дагы бир бөлүгүндө шайлоочуга бюллетень толтурууга чоонун бирөөлөр көмөктөшкөн же аны менен чогу кабинага кирген. Мыйзам боюнча бир кабинага жакындары менен да кирип добуш берүүгө болбойт.

Кээ бир шайлоочулар добуш бергенден кийин бюллетендерин сүрөткө тарткан, бул да шайлоонун купуялуугун бузуу болуп саналат.

Бузуулардын төрттөн бир бөлүгү автоматташтырылган жана кадимки үкөктөрдүн ишиндеги мүчүлүштүктөргө байланыштуу. Улам-улам бузулуу, катачылыктар, бюллетендерди чайнап салуу жана пломбалардын жоктугу — өлкөдө шайлоо болгон сайын мына ушул маселелер дайыма байкалат. Кээ бир учурларда автоматташтырылган үкөктөр бузулуп, кошумча жабдуулар жана кадимкү үкүктөр жок болгон. Бул участкалардын шайлоого начар даярдык көргөнүнүн белгиси.

Байкоочулар балким шайлоочуларды сатып алууну күбөлөндүргөн 34кө жакын окуяны катташкан. Белгисиз адамдар участоктордун жанында же ичинде шайлоочулардын тизмесин түзүп, идентификация системасынын мониторунда чыгалдырылган шайлоочулардын аты-жөнүн жазышкан. Чүй жана Ысык-Көл облустарында шайлоочуларды массалык ташуу боюнча эки учур катталган.

Дагы 22 учурда байкоочулардын өз укуктары бузулган. Аларды шайлоо участкаларына киргизбей, шайлоо процессин тартууга тыюу салып, шайлоо участкасынын ичинде басып байкоо жүргүзүүнү чектешкен. Бул нерсеге УШК мүчөлөрү да, башка партиялардын байкоочулары да жол берген.

Массалык бузуулар добуштарды эсептөө маалында да уланган. УШК мүчөлөрү добуштарды эсептөө үчүн участкаларды жапкандан кийин тыныгууга чыгышкан — мыйзам буга жол бербейт. Колдонулбаган бюллетендерди туура эмес керектен чыгарган. Участкалардын биринде байкоочуларга эсептөөгө көз салууга тыюу салышкан. Бирок эң негизгиси 21 участкада биздин байкоочуларга жыйынтыктоочу протоколдордун тастыкталган көчүрмөлөрүн беришкен жок. Бул протоколдор мурдагыдай эле жыйынтыктар чыккандан кийин бурмаланып калышы мүмкүн экендигин билдирет.

Бузуулардын саны боюнча Бишкек алдыда, андан кийинки орунда Чүй облусу жана Ош шаары турат.

Авторлору: Саадат Тологонова, Екатерина Резникова